Баткен: Жунушалиев коопсуздук багытындагы иш-чараларды көзөмөлгө алууда

Баткен: Жунушалиев коопсуздук  багытындагы иш-чараларды көзөмөлгө алууда
17-Сен. 2019, Шейшемби, 15:38

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Баткен облусунда коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо багытындагы иш-чараларды көзөмөлгө алууда. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

“Министр чек арадагы абалды курчутууга жол берилбей тургандыгын жана калыс иликтөө жүргүзүү керектигин белгиледи. Баткен облусунда укук коргоо органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө. Милиция кызматкерлери күнү-түнү чек арага чектеш аймакта күзөттө болушат. Азыркы убакта милиция кызматкерлери калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө”, – деди ИИМ

Таң эрте премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Куралдуу күчтөрдүн аскердик-транспорттук учагы менен Баткен облусуна келди. Ал чек арага жакын аймактагы айылдардын жашоочулары менен жолугушуү өткөрүп жатат. Андан сырткары, тиешелүү мамлекеттик түзүмдөрдүн жетекчилери менен ыкчам кеңешме өткөрөт. Ошондой эле вице-спикер Мирлан Бакиров баштаган депутаттардын тобу Баткен облусуна барышты.

Кечээ, 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу болуп, Кыргызстандын “Бөрү” атайын тобунун кызматкери, прапорщик Равшан Муминов каза таап, 13 жаран жаракат алды. Алардын арасында 14 жаштагы өспүрүм бар экени айтылууда.

Кыргызстандын чек ара кызматы тажик тарап биринчи ок чыгарганын маалымдады. Чыр Лейлектеги Максат айылында болгон. Учурда кырдаал турукташып, ок атуу токтотулганы кабарланды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
​Конор жеңди! Макгрегор Серронени 40 секундда кулатты
​Конор жеңди! Макгрегор Серронени 40 секундда кулатты
14 шаарга вулкан коркунучу эскертилди
14 шаарга вулкан коркунучу эскертилди
Украинанын премьер-министри отставкага арыз жазды
Украинанын премьер-министри отставкага арыз жазды
19-январь: көпчүлүк аймакта күн ачык болот
19-январь: көпчүлүк аймакта күн ачык болот
Борбор калаадагы башкы балаты эки күндөн кийин алынат
Борбор калаадагы башкы балаты эки күндөн кийин алынат
​UFC президенти: “Конор титулдук таймашка чыгат”
​UFC президенти: “Конор титулдук таймашка чыгат”
 Коммуналдык кызматтын акчасын өзүнө ыйгарып алып турган жаран кармалды
Коммуналдык кызматтын акчасын өзүнө ыйгарып алып турган жаран кармалды
Министр: мугалимдердин айлыгы каникул учурунда кыскартылбайт
Министр: мугалимдердин айлыгы каникул учурунда кыскартылбайт
Бишкектин студенттери 115 жетим балага жардам көрсөтүштү
Бишкектин студенттери 115 жетим балага жардам көрсөтүштү
​Бүгүн “Конор – Серроне” таймашы: Кимиси жеңет?
​Бүгүн “Конор – Серроне” таймашы: Кимиси жеңет?
Кылмыштуу топтун “Казак” аттуу мүчөсү кармалды
Кылмыштуу топтун “Казак” аттуу мүчөсү кармалды
Исхак Раззаковдун 110 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү
Исхак Раззаковдун 110 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү
​Кыргызстан курамасынын футболчулары күйөрмандарга  жолугат
​Кыргызстан курамасынын футболчулары күйөрмандарга жолугат
Жалал-Абадда өрт кырсыгынан 12 кишинин өмүрү сакталды
Жалал-Абадда өрт кырсыгынан 12 кишинин өмүрү сакталды
Бишкекте эки жол тандабас сүзүшүп, натыйжада 3 адам жабыркады
Бишкекте эки жол тандабас сүзүшүп, натыйжада 3 адам жабыркады
ИИМ: 2019-жылы 393 эркек аялынан зомбулук көргөн
ИИМ: 2019-жылы 393 эркек аялынан зомбулук көргөн