Мусабекова: Өз армиясын бага албаган өлкө, башканын армиясын багат

Мусабекова: Өз армиясын бага албаган өлкө, башканын армиясын багат
17-Сен. 2019, Шейшемби, 16:26

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча кыргыз – тажик чек арасында болгон окуяны талкуулашты.

Анын жүрүшүндө Жылдыз Мусабекова чек ара кызматынын кадыр баркын көтөрүп, алардын айлык акыларын көбөйтүп берүү маселесин козгоду:

“Өз армиясын бага албаган өлкө, башканын армиясын багат” деген улуу сөз бар. Чек ара кызматынын кадыр-баркы жогору болсо, ал кызматка биздин мыкты уул-кыздарыбыз кызмат кылууга бармак. Март айында чек арада чатак чыкканда биз бир топ маселелерди көтөрдүк. Чек арада жайгашкан айылдарга өзүнчө макам берип, социалдык обьектилердин санын көбөйтүп, ошол жерде жашаган калктын иштегендеринин айлык акыларын жогорулатып берүү боюнча тапшырма бергенбиз. Ушул маселенин жыйынтыгын палатада 30-майда айтмак. Бирок өкмөт айткан жок”.

Депутат Мусабекова стимул катары чек арачыларга сыйлык берүүнү да сунуштап, эгерде өкмөт тарабынан дал ушундай мамиле улана берсе, чек-арага эчи ким кызмат кылууга барбай тургандыгын эскертти.

“Бизде бир топ аскерлер, жергиликтүү тургундар жарадар болгон, өлгөндөрү да болду. Бүгүнкү күндө ошол жарандарыбызды чакырып, сыйлаганга жараган жокпуз. Мен билем, жарадар болгондор бутун сүйрөп алып суракта жүрүшөт. Бир жолудан жөлөкпүл берип койгондон башка мамлекет тарабынан эч жардам берилген жок. Эгер жоокерлерибизге камкордук көрө албасак, ким барат анан биздин чек араны кайтарганга? Келгиле, бюджетти караганда чек ара кызматына акчаны көбүрөөк бөлдүртүп берели”, – деп кошумчалады ал.

Кечээ, 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу болуп, Кыргызстандын “Бөрү” атайын тобунун кызматкери, прапорщик Равшан Муминов каза таап, 13 жаран жаракат алды. Алардын арасында 14 жаштагы өспүрүм бар экени айтылууда. Таң эрте премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Куралдуу күчтөрдүн аскердик-транспорттук учагы менен Баткен облусуна келди. Ал чек арага жакын аймактагы айылдардын жашоочулары менен жолугушуү өткөрүп жатат.

Андан сырткары, тиешелүү мамлекеттик түзүмдөрдүн жетекчилери менен ыкчам кеңешме өткөрөт. Ошондой эле вице-спикер Мирлан Бакиров баштаган депутаттардын тобу Баткен облусуна барышты.

Кыргызстандын чек ара кызматы тажик тарап биринчи ок чыгарганын маалымдады. Чыр Лейлектеги Максат айылында болгон. Учурда кырдаал турукташып, ок атуу токтотулганы кабарланды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Нурзат Токтосунованын постуна эң көп жактыруу басышты
Нурзат Токтосунованын постуна эң көп жактыруу басышты
Асел Кадырбекова: Алар мага алтындай убакытын коротуп жатат
Асел Кадырбекова: Алар мага алтындай убакытын коротуп жатат
Кургакчылыктан 50 пил өлдү
Кургакчылыктан 50 пил өлдү
Айгерим Расул кызы өзгөчө сүрөт жүктөдү
Айгерим Расул кызы өзгөчө сүрөт жүктөдү
Асем Токтобекова: Чоң апам өзбек, таенем-казак кызы болгон
Асем Токтобекова: Чоң апам өзбек, таенем-казак кызы болгон
Абылгазиев жаш математик Арсен Рахымбеков менен жолугушту
Абылгазиев жаш математик Арсен Рахымбеков менен жолугушту
Айсулуу Тыныбекова кандай жагдайга кабылганын айтты
Айсулуу Тыныбекова кандай жагдайга кабылганын айтты
Чернобыль кырсыгынын кесепеттерин жоюуга 3200 кыргызстандык катышкан
Чернобыль кырсыгынын кесепеттерин жоюуга 3200 кыргызстандык катышкан
Жылдыз Орозобекова: “Манасты канчалык казган сайын ошончо тереңдейт”
Жылдыз Орозобекова: “Манасты канчалык казган сайын ошончо тереңдейт”
Жанар Акаев: Экономикага, бюджетке аңчылыктан акча түшөт деген миф!
Жанар Акаев: Экономикага, бюджетке аңчылыктан акча түшөт деген миф!
Кыргызстанда насыялардын басымдуу бөлүгүн соодага алышат
Кыргызстанда насыялардын басымдуу бөлүгүн соодага алышат
Депутат: Ата-энелердин чөнтөгүнө кол салуу мыйзамын киргизип жатасыңар
Депутат: Ата-энелердин чөнтөгүнө кол салуу мыйзамын киргизип жатасыңар
Жээнбеков Япониянын пемьер-министрин Кыргызстанга чакырды
Жээнбеков Япониянын пемьер-министрин Кыргызстанга чакырды
​Атактуу боксчу зомбулук менен айыпталууда
​Атактуу боксчу зомбулук менен айыпталууда
Башар Асад: “Эрдоган биздин жерлерибизди уурдап жатат”
Башар Асад: “Эрдоган биздин жерлерибизди уурдап жатат”
24-октябрь: абанын температурасы +23 градус болот
24-октябрь: абанын температурасы +23 градус болот