Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев иш сапары менен өлкөнүн түштүгүнө учуп кетти. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
Андагы маалыматта премьер-министр социалдык объекттердин ачылышына катышып, Ош жана Баткен облустарындагы, бир катар социалдык, өнөр жай объекттеринин курулушунун жүрүшү менен таанышары айтылат.
Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт башчылык кызматка 2018-жылын 14-апрелинде келген.