Батукаев иши: соттук отурумдарга Атамбаев келбей турган болду

Батукаев иши: соттук отурумдарга Атамбаев келбей турган болду
15-Окт. 2019, Шейшемби, 15:10

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз абактан бошотулушу боюнча каралып жаткан соттук иш Алмазбек Атамбаевдин катышуусу жок өтө турган болду. Бул тууралуу мурдагы президенттин жактоочусу Замир Жоошев журналисттерге билдирди.

“Бүгүнкү алдын-ала угуулар Атамбаевдин катышуусу жок өтөт. Себеби, ал киши кыскача мүнөздө “Менсиз эле алдына-ала угуун өткөрүңүздөр” деген арыз жазып бериптир. Кечээ деле “мен барбайм” деп айткан. Кечээ жазган арызы ушул эле мааниге ээ болчу. Бирок сотко “менсиз өткөргүлө” деген арыз керек экен. Атамбаев жазып бериптир, бүгүн сот алдын-ала угууну баштады”, – деди Жоошев.

Жактоочу мыйзам боюнча тергөө изоляторунда кармалып турган адамды күч менен алып келсе болот деген бир да норма жок экендигин баса белгилеп, мындан улам алдын-ала угуулар бүткөндө да Атамбаев сотко катышпай тургандыгын кошумчалады.

Азиз Батукаевдин мыйзамсыз абактан бошотулушу боюнча “коррупция” беренеси менен айыпталып жаткан Алмазбек Атамбаев алгачкы соттук отурумга эки ирет келүүдөн баш тарткан.

Ал эми Башкы прокуратуранын жазык жана жарандык иштер боюнча башкармалыктын улук прокурору Медербек Абышев Жазык-процессуалдык кодексинин талабына ылайык, соттук отурум айыпталуучунун катышуусу менен өтүш керектигин, буга байланыштуу сот Атамбаевди сот жараянанына катышуусун камсыздоо боюнча токтом чыгарганын билдирген.

Азиз Батукаев “айыккыс дартка чалдыкты” деген негизде 2013-жылы Нарын шаардык сотунун чечими менен абактан мөөнөтүнөн мурда бошоп кеткен. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов аны мыйзамсыз абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу иш кайра жанданганын ушул жылдын 17-апрелинде айтан. Бул ишти Ички иштер министрлиги тергеп, сотко өткөрүп берген.

Учурда Батукаев иши боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 19 шектүүгө маалымдама тапшырылды. Алардын 14ү тергөө менен кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюшса, 5 шектүү кол коюшкан жок.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Марста жашоо барбы?
Марста жашоо барбы?
​Тай бокс чемпионун Москвада атып кетишти
​Тай бокс чемпионун Москвада атып кетишти
Жанар Акаев: Болочок мугалимдердин стипендиясын 30 пайызга көтөрүү керек
Жанар Акаев: Болочок мугалимдердин стипендиясын 30 пайызга көтөрүү керек
"Шумкар" атайын багыттагы полку жарандарды жумушка чакырат
Асел Кадырбекова: Дайыма жалгыз бой энелерге урматымды билдирем
Асел Кадырбекова: Дайыма жалгыз бой энелерге урматымды билдирем
Шекердин дагы бир зыяндуулугу аныкталды
Шекердин дагы бир зыяндуулугу аныкталды
Саммит: Касымалиева англис тилинде баяндама жасады (видео)
Саммит: Касымалиева англис тилинде баяндама жасады (видео)
Судья Куанбек Киргизбаев кызматынан бошотулду
Судья Куанбек Киргизбаев кызматынан бошотулду
Златан Ибрагимович
Златан Ибрагимович "Гэлакси" клубунан кеткендигин жар салды
Инстаграмдан 3,3 миллионго жакын пост өчүрүлдү
Инстаграмдан 3,3 миллионго жакын пост өчүрүлдү
Нурлан Насиптин эжеси ырчылыкка билек түрө киришти
Нурлан Насиптин эжеси ырчылыкка билек түрө киришти
Милиция жумушка кабыл алат
Милиция жумушка кабыл алат
Айгерим Расул кызынын өз келбети жөнүндө жазган посту талкууланууда
Айгерим Расул кызынын өз келбети жөнүндө жазган посту талкууланууда
​Салах Египет курамы менен оюндарга катышпайт
​Салах Египет курамы менен оюндарга катышпайт
Сопоковдун ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча жумушчу топ түзүлдү
Сопоковдун ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча жумушчу топ түзүлдү
Министрлик: альтернативалык онлайн-олимпиада өткөрүлө баштайт
Министрлик: альтернативалык онлайн-олимпиада өткөрүлө баштайт