Жанар Акаев: өкмөт башчы мага эмес, элге жооп берсин

Жанар Акаев: өкмөт башчы мага эмес,  элге  жооп берсин
24-Окт. 2019, Бейшемби, 11:54

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев өлкөдөгү криминалдын жанданышы боюнча айткан пикири боюнча өкмөттүн “маселени саясатташтырбагыла” деген комментарийине жооп кайтарды.

Ал “Мадина” кафесинин ээси мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүн айтып ооз жыйгыча “Манас” аэропортунан акча ташыган ишкердин жансыз денеси өзүнүн унаасынан табылганын айтты.

“Кечээ мен ишкерлердин коопсуздугу, криминалдын күчөшү, Кыргызстандан чыгарылып кетип жаткан ачалар тууралуу парламентте сүйлөсөм, өкмөт башчы мага “маселени саясатташтырбагыла” деп жооп бериптир. Урматтуу өкмөт башчы, бул проблемаңарды мага актанып, мага жооп берип, мага далилдештин кереги жок. “Мамлекетибиз күчтүү, биз силерди коопсуз кармайбыз. Биз силер үчүн бүт мыйзамды иштетип, силердин коопсуздугуңарды сактайбыз” деп премьер-министр элге жооп берсин.

Биз оозубузду жыйгыча кечээ кечинде аэропорттон акча ташыган дагы бир ишкердин сөөгү өзүнүн унаасында табылып жатат. Милиция кармап барып, түрмөгө отургузгандан кийин, бир-эки жылдан кийин чыгып кетип жатат. Соттордун да ишин көзөмөлдөп туруш керек деп ойлойм” , – деди Жанар Акаев.

Кечээ, 23-октябрда депутат Жанар Акаев Кыргызстанда кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү баш көтөрүп, күч органдары алар менен күрөшүүдө чабал болуп жатканын айтып, өкмөттүн ишин сынга алган. Премьер-министрдин басма сөз катчысы Адилет Султаналиев депутат Жанар Акаевдин билдирүүсү боюнча комментарий берип, саясатчыларды сын айтууда объективдүү болууга чакырган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Саймаитин өлүмү: төртүнчү шектүү кармалды (видео)
Саймаитин өлүмү: төртүнчү шектүү кармалды (видео)
“Кыз бурак” тобунун концерти 1-декабрда Ошто улантылат
“Кыз бурак” тобунун концерти 1-декабрда Ошто улантылат
Анжелика Кайратова: Көз тийди окшойт
Анжелика Кайратова: Көз тийди окшойт
Айзада Жамгырчиевага гүл жөнөтүп жаткан сырдуу жигит ким?
Айзада Жамгырчиевага гүл жөнөтүп жаткан сырдуу жигит ким?
Япониянын императору Күн теңири менен тамактанды
Япониянын императору Күн теңири менен тамактанды
​Футбол учурда ок жаңырды (видео)
​Футбол учурда ок жаңырды (видео)
Кыргызстанда жыл башынан бери канча кен казылды?
Кыргызстанда жыл башынан бери канча кен казылды?
NASA: Космосто көпкө жүргөндөрдүн каны айланбай калат
NASA: Космосто көпкө жүргөндөрдүн каны айланбай калат
Райондордогу жолду оңдоо иштерине 600 млн сом коротулду
Райондордогу жолду оңдоо иштерине 600 млн сом коротулду
​Криштиану Роналду күйөрмандын телефонун жулуп алды (видео)
​Криштиану Роналду күйөрмандын телефонун жулуп алды (видео)
Өлкө боюнча көмүрдүн баасы кымбаттады (таблица)
Өлкө боюнча көмүрдүн баасы кымбаттады (таблица)
Уран сактоочу жайлардын реабилитациясына грант бөлүнөт
Уран сактоочу жайлардын реабилитациясына грант бөлүнөт
Нурмагомедов Африкада  таймаш өткөрүүнү айтты
Нурмагомедов Африкада таймаш өткөрүүнү айтты
“Джерүй” 2020-жылдын март айынан баштап алтын чыгара баштайт
“Джерүй” 2020-жылдын март айынан баштап алтын чыгара баштайт
Путин Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады
Путин Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады
Климат боюнча сунуштар кабыл алынбаган парламентти суу каптады
Климат боюнча сунуштар кабыл алынбаган парламентти суу каптады