Сот Текебаев мен Чотоновдун бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырды

Сот Текебаев мен Чотоновдун бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырды
29-Окт. 2019, Шейшемби, 09:14

Бишкектин Биринчи Май райондук соту саясатчы Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүйшөн Чотоновдун бөгөт чарасын дагы эки айга узартты.

21-августта Жогорку сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, буга чейин чыккан өкүмдөрдү жокко чыгарган. Ал эми 29-августта Бишкектин Биринчи Май райондук соту алардын бөгөт чарасын өзгөтүп, үй камагына чыгарган.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновго орус ишкери Леонид Маевскийден “1 млн. доллар пара алган" деген айып тагылып, сот аларды сегиз жылга эркинен ажыраткан эле.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!