Алмазбек Атамбаев жубайы жана баласы менен жолукту

Алмазбек Атамбаев жубайы жана баласы менен жолукту
16-Янв. 2020, Бейшемби, 05:22

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жубайы Раиса Атамбаева жана уулу Кадыр Атамбаев менен жолукту. Бул тууралуу жактоочу Сергей Слесарев “24.kg” сайтына билдирди. Анын айтымында, жолугушуу бир саатка созулган.

“Менин жактоомдогу Атамбаев өзүн жакшы сезип жатат. Ал эч нерсеге нааразы эмес. Азыр Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш ишиндеги материалдар менен таанышууга киришип жатам. Экспертизанын жыйынтыгы менен жарым-жартылай тааныштым. Ал эми психиатриалык экспертиза боюнча эч нерсе айта албайм. Мен жыйынтыгын көрө элекмин”, – деди Слесарев.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев учурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) убактылуу кармоочу жайында кармалууда. Ал “Массалык башаламандык уюштуру“, “Адам өлтүрүү”, “Барымтага алуу” сыяктуу оор беренелер менен айыпталып жатат. Ички иштер министрлиги (ИИМ) Кой-Таш окуясы боюнча 14 кылмышка шектүү жарандарга байланыштуу тергөө иштери аяктаганын билдирди. 7-8-август күндөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда УКМКнын бир кызматкери каза таап, жалпысынан 295 адам ар кандай жаракат алган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР