Эртең Кыргызстанда жымжырттык күнү

Эртең Кыргызстанда жымжырттык күнү
13-Окт. 2017, Жума, 12:27

Эртең, 14-октябрь – өлкөдө шайлоо алдындагы “жымжырттык күнү” катары жарыяланды.

Борбордук шайлоо комиссиясы билдиргендей, «Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 23-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, шайлоого бир күн калганда үгүт иштери токтотулушу керек.

Аны менен бирге президенттикке талапкерлердин үгүт материалдарын жарыялап жаткан жалпыга маалымдоо каражаттары да үгүт материалдарын жарыялаганын токтотот.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Ага жалпы 11 талапкер ат салышууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!