Атамбаев: “Парламенттик башкарууга толук өтүшүбүз керек”

Атамбаев: “Парламенттик башкарууга толук өтүшүбүз керек”
15-Ноя. 2017, Шаршемби, 12:01

Бүгүн, 15-ноябрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин отуруму өтүп жатат.

Ага учурдагы президент Алмазбек Атамбаев, жаңы президент Сооронбай Жээнбеков баштаган расмий жетекчилер катышууда.

Отурумда өлкөнү 2018-2040-жылдарда туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын долбоору “Таза коом. Жаңы доор” программалары каралууда.

Президент Алмазбек Атамбаев өлкөдөгү өткөн жана учурдагы болуп жаткан кырдаал боюнча билдирүү жасады.

Мамлекет башчысы Кыргызстан 2040-жылдары толугу менен парламенттик башкарууга өтүүгө тийиш экенин белгилеп, негизги башкаруу өкмөт жана парламентке өтөрүн билдирди.

Өткөн жылы декабрда өткөн референдумда кабыл алынган түзөтүүлөрдүн жарымы кабыл алынган. Калганы ушул жылдын 1-декабрынан тарта күчүнө кирет. Дүйнөлүк практикада да парламенттик башкаруу жолун тандап алган өлкөлөр бат өнүгүп жатат. Кыргызстан дагы 2024-жылдарга толугу менен парламенттик башкарууга өтүшү керек”,-деди Алмазбек Атамбаев.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!