Президент Атамбаев эмнени каалайт?

 Президент Атамбаев эмнени каалайт?
15-Ноя. 2017, Шаршемби, 12:34

Президент Алмазбек Атамбаев жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбеков да алты жылдан кийин бийликти өз ыктыяры менен өткөрүп берүүсүн каалай турганын бүгүнкү отурумда билдирди.

“Бүгүнкү жыйында көпчүлүк жетекчилер жаңы. Жогорку Кеңештин төрагасы, өкмөт башчы, ал тургай өлкөнүн эки президенти бир жыйында олтурат. Бул саамалык салт болушун тилейм. Сооронбай Жээнбеков да кези келгенде ыйгарым укуктарын өз эрки менен өткөрүп, келерки президентке кеңешин берсе деген каалоом бар”,-деди президент Атамбаев.

Алмазбек Атамбаев эгемен Кыргызстандын төртүнчү президенти. Ал 2011-жылы 1-декабрда президент кызматына расмий киришкен. Ал эми 15-октябрда өткөн шайлоодо жеңип чыккан Сооронбай Жээнбеков өлкө башчы кызматына 24-ноябрда расмий киришери пландалууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!