Миллиардер болом дегендерге беш кеңеш

Миллиардер болом дегендерге беш кеңеш
9-Окт. 2019, Шаршемби, 10:36

Миллиардерлер жашоого бардык адамдар сыяктуу көз карашта болбойт. Алар кадимки адамдардан өзгөчөлөнүп турат. Мисалга, алардын өзүнө тиешелүү мүнөз, адат жана кармангандары бар.

Биз сиздерге алардын сегиз эрежеси менен бөлүшөбүз

Алар эч качан чыккан бийиктигинде токтоп калбайт

Миллиардерлердин көпчүлүгү акча табуу үчүн эмес, алар өз кыялдары орундалыш үчүн тырышат. Ага жетүүдө алар болгон күчүн жумшайт. Ошентип олтуруп алар маңдай тери менен тапкан мээнет аркылуу байлыкка жетет.

Алар эч нерсени кыйындатпайт

Алар өздөрү үчүн оор максат койбойт. Мисалга Биль Гейтс өз учурунда: ар бир үйдө компьютер болушун каалаган. Ал эми Марк Цукерберг болсо: адамдарды бир жерге жыйнагысы келген.

Алар башкаларга ишеним артат

Миллиардерлер бардык нерселерди өздөрү аткара албастыгын жана жер бетиндеги эң акылдуу адамдар эмес экендигин да сезишет. Ошондуктан алар акылдуу адамдардан ар дайым кеңеш алып жүрөт.

Убакыт-акча

Алар кол алдындагы кызматкерлерин, тийиштүү жумуш аткарууга уюмдаштырат. Анткени убакыт акча экендигин жакшы билишет. Убакытты дагы, акчаны дагы, күч-кубатты дагы өз ченеми менен колдонушат.

Алар өздөрүнүн кулк-мүнөзүнө көңүл бөлөт

Көп ийгиликке жетишкен миллиардерлер өздөрүнүн жүрүм-туруму менен кулк-мүнөзүнө ар дайым көңүл бөлүп жүрөт. Ошентип олтуруп алар өздөрүн тарбиялайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!