2020-жылы саякаттоого мүмкүн болгон кооз шаарлар

2020-жылы саякаттоого мүмкүн болгон кооз шаарлар
24-Окт. 2019, Бейшемби, 12:19

“Lonely Planet” агенттиги 2020-жылы саякаттоого мүмкүн болгон кооз шаарлардын тизмегин атады. Анда он өлкөнүн шаарлары, өзүнө туристтердин көп келгендиги, меймандостугу, тазалыгы жана тамак-аш критерийлери боюнча каралган.

Зальцбург, Австрия

Австрия өлкөсүнүн “Зальцбург” шаары алгачкы орунда турат. Эгерде сиз ал шаардын романтикалуу, музыкалуу көчөсүндө сейилдегиңиз келип жатса, анда учакка билетиңизди азыртадан камдай берсеңиз болот.

Вашингтон, Америка

Экинчи орунда Америка өлкөсүнүн борбору “Вашингтон” шаары турат. Ал шаар өзүнүн тарыхый басып өткөн жолу, имараттары жана кооз музейлери менен өзүнө тартып турат.

Каир, Египет

Каир шаарында эң чоң “Египет” музейи орун алган. Ал дагы өзунүн тарыхый баалуулуктары менен айырмаланып турат.

Голуэй, Ирландия

Көз жоосун алып, жашыл бак дарактарга бай “Голуэй” шаары ар дайым туристтердин чордонунда. Аталган шаарга келген туристтердин саны жыл сайын көбөйүп жатат, анткени ал шаарда үйлөрдүн түрдүү боёкторго боёлушу, театр жана көчөдө ар дайым кереметтүү музыканын жаңырып тургандыгы менен өзгөчөлөнүп турат.

Бонн, Германия

Атактуу музыкант Бетховен төрөлүп өскөн “Бонн” шаарында тарыхый имараттар да орун алган.

Ла-Пас, Боливия

Боливия өлкөсүнүн борбору аталган “Ла-Пас” шаары деңиз деңгээлинен 3500 метр бийиктикте жайгашкан. Бул шаар дагы абдан кооз шаарлардын катарын толуктайт.

Кочи, Индия

2019-жылы көпчүлүк туристтердин жүрөгүнөн орун алган “Кочи” шаары бул жылы дагы рекордду багындырам деп турган чагы.

Ванкувер, Канада

Эгерде сиз экологиясы таза, чытырман токойлорго жана көгүлтүр океанга бай өлкөгө саякатка баргыңыз келип жатса, анда дал ушул шаар сиздер үчүн сунушталат.

Дубай, ОАЭ

Өзүнүн заманбап салынган мейманканалары, асман тиреген имараттары жана түрдүү маданиятты бир ортодо сунгандыгы менен “Дубай” шаары айырмаланып турат.

Денвер, АКШ

АШКда жайгашкан “Денвер” шаары дагы бул жылы ири инвестиция киргизген өзүнө. Аталган шаардын ыңгайлуулугу-парктар, кафелер бардыгы жакын жерде жайгашкан.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!