Биз канчалык бактылуу болсок дагы, жүрөгүбүздүн түпкүрүндө бир нерсе тургандай боло берет. Ал нерсе көп узабай чоң коркунучка айлануусу мүмкүн. Бизди ойго сала турган сезимдер кайдан келет?
Жалгыздык сезими
Адам өзүн бул жашоодо жалгыз сезүү-жалкоолуктун белгиси. Адам көпчүлүк учурда жалгыз олтуруп, эч нерсе жасагысы келбейт, жалгыздык сезим мына ошодон келип чыгат.
Адам өзүн башкаларга карыз сыяктуу сезүү
Сиз эч кимге көз каранды эмессиз, ошон үчүн өз эркиндигиңизге чектөө койбоңуз. Эң негизгисибактылуу болгонго жол табыңыз.
Коркуу сезими
Бир иш баштоодо тобокелге барыңыз. Ишке киришпесеңиз куру кыялданып, максат кылып олтургандан эмне пайда.
Уялуу сезими
Уялган, тартынчаак адам уялып олтуруп көп нерседен кур калат.
Тандоо жасай албоо сезими
Кээде оюбуз чачыранды болуп, тандоо жасай албай калабыз. Натыйжасында башканын оюна муктаж болобуз. Албетте, башкалардын оюн уккан жакшы, а бирок чечимди, тандоону өзүңүз чыгарганыңыз туура.