Балаңыз сүрөт тартып жатканда аны түзөймүн деп умтулбаңыз. Аны бир гана сырттан көз салып турганыңыз жетиштүү.

Ирээти боюнча

Ирээти боюнча балаңыздын сүрөт тартканы анын үй-бүлөсүнө болгон мамилесин аныктайт. Негизи балдар эң жакшы көргөн адамын биринчи тартат. Эгерде сүрөт тартып жатып, арасынан бирөөнү унутуп кетсе, анда ал адамга болгон мамилеси суз экендигинен кабар берет. Ал эми балаңыз өзүн ортого тартса, муну менен ал ата-энесине болгон ишеними чоң экендигин түшүндүрөт.

Аралыгы боюнча

Эгерде бала үй-бүлө мүчөлөрүн бирдей аралыкта кылып сүрөт тартса, анда ал үйдө бала өзүн эркин сезип, даамдуу тамактар жасалып, жылуулук бар экендигинен кабар берет

Көлөмү боюнча

Бала өзүнө жакшы көргөндөрүн чоң кылып тартат экен

Түс боюнча

Бала жакшы көргөндөрүн жылуу өңдөр менен боёйт экен. Мисалга, көк өңдө боёсо, бала ал адамдын жанында өзүн абдан ыңгайлуу сезет. Жашыл түскө боёгондорду, бала урматтайт. Кызыл өң-агрессия, кара түс-туугандардын бирин кабыл албай турган абалды түшүндүрөт.