Назира: Өзүн сүйө албаган өңгөнү кантип сүйөт?

Назира: Өзүн сүйө албаган өңгөнү кантип сүйөт?
12-Апр. 2018, Бейшемби, 23:01

Теле алып баруучу Назира Айтбекова бул жолкусунда инстаграм баракчасы аркылуу соцтармактын колдонуучуларын шыктандырган билдирүү калтырган. Ал эми Интернет колдонуучулары ар кандай билдирүүлөрдү жазып жатышат.

"Адамдын сырты жылаңач болгондо башка адамды кооптондуруп, дүрбөй түшөт. Адамдын ичи жылаңач болгондо эмнеге анча дүрбөлөңгө түшпөйт? Жан дүйнөсү жылаңач экен, жарды экен деп айыптабайт? Адам баласы өзүн тааныгандан мурун, өзөгүн иликтөөнүн ордуна башка бирөөнү жиликтөөнү, ага акыл үйрөтүүнү жактырат. Акылы, көкүрөгү көңдөйлөр, жан дүйнөсү жардылар башкага эмнесин бөлүшөт? Өзүндө жок нерсени башкага кантип берет?

Көр адам көр адамды каякка сүйрөйт? Акыркы 2 жыл өзүм менен тааныша баштадым. Ичимдеги Назираны изилдеп көрүүнү чечтим. Сыртынан күчтүү Назиранын ичинде коркок бирөө бар экен. Өзүнөн мурун өңгөнү сүйгөн. Өзүн сүйө баштады. Өзүн сүйө албаган өңгөнү кантип сүйөт? Дүйнөдөн бекинип корккон ичиңдеги өзүңдү алгач тааны, сүй. Кучакта, мээрим төк. Анын каалоосун сура. Күч бер. Ичиңдеги алсыз өзүңө ишеним топто, кайраттуу кыл. Өңгөнү айыптаардан мурун күзгүгө каран. Жылаңачта жан дүйнөңдү! Өзүң менен өзүң ачыкка чык! Өзүңдү даарыла! Ошентсең, ишенип кой, башкага убактың жок болот",-деп жазат Назира Айтбекова.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!