​Ильяз Абдразаков, Данияр Эрматов Россияны кыдырат

​Ильяз Абдразаков, Данияр Эрматов Россияны кыдырат
14-Апр. 2018, Ишемби, 22:00

Эстрада ырчылары Ильяз Абдразаков менен Данияр Эрматов чыгармачылыка катуу киришип жаткандай. Ырчылар чыгармачылык сапар менен Россиянын бир катар шаарларын кыдырып, аталган өлкөдө жашаган мекендештерге концертин тартууламакчы.

Ырчылардын гастролдук сапары 29-апрелден тарта 9-майга чейин уланат.

“Жаңы чыгармалардын үстүнөн иштеп чыктык. Ал ырларды чет жерден иштеген мекендештерге тартууламакчыбыз. Чыгармачлык гатрол менен Якутия, Новосибирск, Чита, Иркутск жана башка шаарларга барып, өнөрүбүздү тартууламакчыбыз”,-дешет ырчылар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!