Театрдын эмгек жамааты Лондонго сапар алат

Театрдын эмгек жамааты Лондонго сапар алат
16-Апр. 2018, Дүйшөмбү, 22:13

Уильям Шекспирдин 450 жылдыгына карата анын "Макбет" чыгармасын Лондондон келген режиссёр Сара Берджер Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында Англиядагы Королдук театрдын артисттери менен биргеликте сахналаштырууда. Бул тууралуу Нуркыз Рыскул кызы Zaman.kgге билдирди.

Анын айтымында, кыргыз британ маданий мамилелерин бекемдеген аталган долбоордун ийгиликтүү башталышынын урматына Кыргызстандагы Британия мамлекетинин элчилиги жолугушуу уюштурду.

"Буюрса октябрь айында Лондонго чыгармачылык сапар тартабыз. Эки мамлекеттин таланттуулары Макбеттен үзүндү аткарышууда",-деди ал.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!