Роза Рымбаева Бишкекке концерт коет

Роза Рымбаева Бишкекке концерт коет
15-Март 2019, Жума, 16:50

Казакстан Республикасынын эл артисти, легендарлуу ырчы Роза Рымбаева Бишкекте концерт коет.

Бул тууралуу ырчынын Бишкектеги уюштуруучулары билдирди.
Бишкек шаарындагы Кожомкул атындагы спорт сарайында 18-апрелде саат 18.30да Казакстандын белгилүү ырчысы Роза Рымбаева кыргызстандыктар үчүн чоң программадагы концертин берет.

Концертке Рымбаеванын эл сүйгөн ретро жана жаңы ырлары ырдалат.

Билеттерди каалоочулар үчүн буйрутма аркылуу да уюштуруучулар каалаган жерге алып барышат.

Эскерте кетсек, Казакстандын дагы бир ырчысы Кайрат Нуртас да Кыргызстанга 1-майда үй-булөсү менен концерт берерин жарыя жасоодо.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР