Руслан Курманалиев: "Чыгармачылыктан жан дүйнө азыгын таптым"

Руслан Курманалиев:
23-Март 2019, Ишемби, 12:49

Кыргыз улуттук мамлекеттик Бакен Кыдыкеева атындагы театрдын алдыңкы артисттеринин бири, акыркы кездерде тартылып жаткан кыргыз тасмаларда баш каармандардын ролун мыкты аткарган таланттуу актер Руслан Курманалиев zaman.kg маалымат агенттигине кенен маек берди.

-Чыгармачылыктагы жолуңуз тууралуу кыскача айтып берсеңиз?

- Учурда Кыргыз мамлекеттик Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрында иштеп атам. Азыр иштеп жаткан театрга чейин да башка театрларда иштеп келгем. Бул менин үчүнчү театрым десем болот. Эң биринчи драматург Жаныш Кулмамбетовдун “Жайсаң” театрында иштегем. Андан кийин “Тунгуч” театрында, азыр Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрында иштеп жатам. Театрда иштегениме 27 жылдын жүзү болуп калды. Ушунча убакыттын ичинде театрда ойногон ролдорумдун саны элүүгө чукулдап калды. Анын арасында чоң спектаклдер, чоң пьесалар бар, сахнада жараткан башкы каармандын ролдору бар. Андан тышкары балдар үчүн жомоктордо да роль аткардым. Ал эми Кыргызстанда тартылган тасмалардын арасында 35тен ашык ролдорду жаратыптырмын. Алардын арасында кыска метраждуу кинолор да бар.

Чындыгында театрларда, кинолордо аткарган ролдорумдун саны арбын. Тунгуч театрында Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” чыгармасынын негизинде жазылган “Тайамам” драмасында Манкуртту ойногом. Бул спектакль менен Өзбекстан, Казакстан, Германия, Египет өлкөлөрүндө өткөн фестивалдарга катышып келгенбиз. Кийин Жаштар театрына келгенде да көп ролдорду жараттым. Атактуу адамдардын чыгармаларынын негизинде жазылган драмаларда баш каармандарды ойнодум. Ал эми кинолор жөнүндө айтсамтасмаларда “Той”, “Кандуу сүйүү”, “Чыңгыз менен Бүбүсайра”,“Күйөө балам водовоз”, “Токолдор тополоңу”, “Жараланган турналар”, “Бейтааныш арбак”, Коркунучтуу капчыгай", "Мен сага ишенем,” “Бакыт баасында”, “Исак Раззаков”, “Президент жана бомж”, “Мезгил жана Алыкул”, “Курманжан Датка”,“Үй-бүлөлүк окуялар”, “Бороонду жол” жана башкабир нече тасмаларда, социалдык роликтерде роль жараттым. Менин чыгармачылык жолумдагы өсүштө устаттарымдын бири Жаныш Кулмамбетов агайым. Театр дүйнөсүнө аралашкандан баштап ушул мезгилге чейин агайдын акыл-насаатын алып, билимин алдым, андан көп нерсени үйрөндүм,

- Учурда чыгармачыл адамдардын көпчүлүгү тамадалык кызматты да аркалап жүрүшөт, сиз кинолорго да тартылып атасыз, азыр театрда эмне оюн коюлуп атат, роль аткарып атасызбы?

- Азыркы учурда Жаштар театрында “Капас” деген спектаклдин үстүндө иштеп атабыз. Режиссеру Эгемберди Чалабаев, жакында бул оюндун премьерасы чыгат. Ал эми тамадалыкты театрдан бош болуп калган учурда аркалап жүрөбүз. Тойлорго чакырып калышат, куда тосуу дегенге чакырышат, бош учурларымда барып кызматымды аткарып келем. Ал эми “Капас” спектаклинде музыкант жигитти ойноп атам.

- Балдарыңыз да бир кездерде КТРКда теледолбоорго катышып, ата-баланын ролун чогуу аткарган элеңиздер, азыр балдарыңыз канчага чыгып калды, алардын да артист болчу каалоолору барбы?

-Ооба, КТРКда көрсөтүлгөн “Үй-бүлөлүк окуялар” сериал тасмасында Бакенбий деген уулум ойногон. Анда уулум 2-класс болчу. Азыр 7-класста окуп атат. Буюрсабаары жакшы, ал сабагынан да мыкты окуйт, спортко катышат, футболго барат, таэквондого да барат, бардык жагында активист. Мектепте отличник. Бирок анын актер болом деген ою жок. Менин баамымда башка кесиптин ээси болот окшойт. Ал эми кызым болсо бийге барат, кээде кинолорго тартылып калып жүрөт, ушул эки балам менен “Көчмөндөр оюнуна” да бардык. Аларды кээде сьемкага, үн жаздырууга, котормого чакырып калышат.Киного тартылууга чакырып калышат.

- Ушунча жыл чыгармачылыкта жүрүп эмнени таптыңыз, эмнени жоготтуңуз?

- Чыгармачылыкта чыгармачылык эргүүнүн, жан дүйнөнүн азыгын таптым. Аздыр-көптүр чыгармачылыгыма кызыккан күйөрмандарды таптым. Эмнени жоготтум? Ушул чыгармачылыкта жүрүп устат агай-эжейлерди жоготтум. Чындыгында мен үчүн өтө өкүнүч, кыйын эле болду. Кандай болсо да алар мени чыгармачылыкка алып келген, окуткан агайларым-эжейлерим болду. Булар кыргыздын искусствосуна чоң салым кошкон белгилүү инсандар Алмаз Зарлыкбеков, Советбек Жумадылов, Гүлшара Дуулатова, Дүйшөн Байдөбөтов агайыбыз, ушул устаттарымды жоготтум.

- Былтыр “Жамиля” спектакли менен чет өлкөгө чыгып келдиңиздер, ошол тууралуу айтсаңыз жана чыгармачылык, кесибиңиз менен кайсы чет өлкөлөргө чыктыңыз?

- “Жамиля” спектакли менен чет өлкөлөргө барып келдик. Жакында ушул эле спектакль менен Түркияга барабыз деген пландар бар. Былтыр октябрь айында Бакуга бардык, ал жактан жакшы ийгиликтер менен кайттык. Кытайга Шанхайга, Пекинге барып келдик .Башка спектаклдерде ойноп Европага, Германияга, Лондонго, Уфага, Казакстан, Өзбекстан сыяктуу өлкөлөргө барып келдик.

- Театрда, кинодо интрига, көрө албастык, бут тосуулар көп болот дешет, ушундайлардын курмандыгына кабылдыңыз беле?

- Ооба, театрда, кинодо дегеле чыгармачылык чөйрөдө көрө албастыктар болот. Бирок бул мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Мен мындай нерсени салкын көз караш, токтоолук менен кабыл алам. Ал эми курмандыкка кабылдыңыз беле деген суроого андай деле болгон эмес деп жооп берем. Мен бардык эле режиссер, актерлор менен тил табышып иштеп келатам.

- Чыгармачылыктан баюуга болобу?

- Негизи чыгармачыл адамдар материалдык жактан кичине кыйыныраак болот го. Бирок ошентсе дагы жан дүйнөбүз бай.Сүйгөн кесибиң болсо, баардык аракетиң менен тынбай иштесең эл катары жашаганга болот. Бирок чыгармачылыкта материалдык байлыкты эмес, жан дүйнөңдүн байлыгы биринчи орунга чыгат.

- Наам тууралуу. Учурда өтө жаш чыгармачыл артисттер наам алып атышат, сиз наам алдыңыз беле? Дегеле бизде наамдар калыс берилеби?

- Наам тууралуу айтсам, чындыгында көп учурда калыс болбой калат. Эрте алгандар бар, кеч алгандар бар. Убагында албай калгандар бар. Бул да болсо буйруктан окшойт. Мен наам ала элекмин.Негизи эле бизде наамдарды көпчүлүк учурда жең ичинен эле алып кетишет. Эми аны биз көрбөгөндөн кийин, колунан кармап албагандан кийин тигиндей же мындай деп айта албайт экенбиз. Тилекке каршы элге эмгеги сиңе электе эле эрте алып кеткендер бар. Бирок наамды чыныгы таланттуулар алса жакшы болот эле. Бишкектеги эле театрлар эмес, облустарда театрларда иштеп жүргөндөр бир топ жашка чыкса дагы наам албай жүрүшөт. Наамдар калыс берилсе жакшы болмок, билбейм эми, мындан аркысыкандай болот? Биз деле буюрса жакшы болот деген үмүт менен жашап жүрөбүз. Эми иштей берели, буюрса болоттур. Наам эми мамлекеттик сыйлыктар.Мамлекеттик сыйлыкка чейинки театр фестивалдарда, министрликтен “Ардак грамоталарды”, дипломдорду алып жүрөбүз.

- Жаз келди, Ноорузга улай эле сиздердин майрамыңыздар Эл аралык театр күнү майрамдалат. Ушул тууралуу айтсаңыз?

-Жаз майрамында жалпы кыргыз элиме тынччылыкты, ынтымакты каалайм. Азыр коом чындыгында татаал болуп жатат, кыргыз элим өсүп-өнсө дейм, жакшылык болсо, пикет-митингдер азыраак болуп, көбүрөөк иштесек дейт элем. Жакында 27-март биздин Эл аралык театр күнү келе жатат. Бардык кесиптештеримди кесиптик майрамы менен куттуктайм. Ушул театр күнүнө карата жыл сайын “Эргүү” деген улуттук сыйлык бар, Театр ишмерлер союзу менен Маданият министрлиги биригип жакшы спектаклдерди карап көрүп, “эң мыкты спектакль”, “эң мыкты режиссура”, “эң мыкты ролдорго” сыйлыктар тапшырылат. Биздин “Жамиля” спектаклин бул сыйлыкка сынакка жөнөткөнбүз. Мен ал спектаклде Даниярдын ролу боюнча эркектин мыкты ролуна көргөзүлдүм. Нооруз майрамы да жакында эле өттү, ар бир үй-бүлөгө бакубатчылыкты, жакшылыкты каалайт элем.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Базар-Коргондо дайынсыз жоголгон аялдын сөөгү табылды
Базар-Коргондо дайынсыз жоголгон аялдын сөөгү табылды
40 миллион адам колу менен кен казат
40 миллион адам колу менен кен казат
Нэна  жолдошу менен эмнеге ажырашканын ачык айтты
Нэна жолдошу менен эмнеге ажырашканын ачык айтты
Өкмөттө 9-май Улуу Жеңиш күнүнүн 74 жылдыгын өткөрүү талкууланды
Өкмөттө 9-май Улуу Жеңиш күнүнүн 74 жылдыгын өткөрүү талкууланды
​Дүйнө футболундагы аталар жана уулдары(сүрөттөр)
​Дүйнө футболундагы аталар жана уулдары(сүрөттөр)
​Конор Макгрегор 14 жыл мурунку карызын берди
​Конор Макгрегор 14 жыл мурунку карызын берди
"Коопсуз шаар" долбоорунун "кооптуу" жактары барбы?
Россия-Түндүк Корея: АКШ менен мамилелер колдоого алынат
Россия-Түндүк Корея: АКШ менен мамилелер колдоого алынат
Айтылуу төкмө акын Аалы Туткучев уран боюнча ырын төктү (видео)
Айтылуу төкмө акын Аалы Туткучев уран боюнча ырын төктү (видео)
Самара Каримованын атынан чайкана, тамак жана бильярд
Самара Каримованын атынан чайкана, тамак жана бильярд
Парламент өкмөттүн отчетун жактырды
Парламент өкмөттүн отчетун жактырды
​Дүйнөнүн 5 жаштагы эң күчтүү спортчусу (видео)
​Дүйнөнүн 5 жаштагы эң күчтүү спортчусу (видео)
Жээнбеков Пекин шаарына жумушчу визит менен учуп кетти
Жээнбеков Пекин шаарына жумушчу визит менен учуп кетти
Назира Айтбекова: “Өлүм башыбызга келген эң сонун нерсе болсочу?”
Назира Айтбекова: “Өлүм башыбызга келген эң сонун нерсе болсочу?”
​Роналду “Ювентус” клубуна 6 футболчуну алуусун айтты
​Роналду “Ювентус” клубуна 6 футболчуну алуусун айтты
Манжасы жок кыз конкурста жеңүүчү аталды
Манжасы жок кыз конкурста жеңүүчү аталды