Ырчы Кулипа Керимбаеванын кайрымдуулугу талкуу жаратты

Ырчы Кулипа Керимбаеванын кайрымдуулугу талкуу жаратты
4-Май 2019, Ишемби, 11:31

Белгилүү ырчы Кулипа Керимбаева ар дайым кайрымдуулук иштерди аткарып, кайрымдуулук концерттерге катышып келет. Чындыгында Кулипа айым дайыма ага кол сунган адамдарга жардамын аябайт. Ал кечээ Ош базарына барып, жол боюнда отурган бечера аял менен баарлашкан видеосун жүктөп, карылык тууралуу баян жазып, элдин алкышына татыды.

“Азыркы жашоо өтө кейиштүү.
Ош базарына көп барам, карыя атаны, апаны көрсөм көзүмө жаш тегеренет.
Бактылуу карылык берсин деп илгертен апамдын тилектерин укчу элем. Апамын тилеген тилеги ишке ашып, мен аны кор кылбадым. Бир эмес эки апам бар эле, бири мени төрөгөн, экинчиси багып алган. Эки апамды тирүүчүлүктө капа кылбадым.

Мен да уккан тилектерин көкүрөгүмө сактап жаратканыман суранам. Бирөөгө бата берсем аягында сөзсүз ,бактылуу карылык берсин деп айтам.

Бул апаны көрүп, зээним кейиди. Тараза тартып 5 сомдон алып, кечке кесерип отурса керек. Ысык тамак да ичпей... Квартирада турат экен. Эми менин бергеним менен чоң иши бүтпөйт дечи... Балдарым жок деди.
“Канча табасыз?” десем, 500сом же 700сом деп айтты.Таразадан анча таппаса керек, себеби көпчүлүк таразага түшө бербесе керек.
Мен уруксат сурап тыйын берейин десем көзүнө жаш алды. Апанын ордуна өзүмдү коюп, карылыгым балдарымдын ыйманында болсо экен деп тилек кылдым, менин да көзүмө жаш тегеренди”,- деп жазган Кулипа айым.

Ошол эле учурда Кулипа айым жол боюнда отурган аялга жардам бергенден кийин да Ош базарында оор операцияга муктаж болуп, каражат топтоп жаткан балага да кайрымдуулук кылганын көрүүгө болот.

Ырчы айымдын кайрымдуулук ишине көпчүлүк ыраазы болуп, балдарыбызга ыйман берсин, бактылуу болуңуз деген сыяктуу пикирлерин жазышты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Назира Айтбекова: Уулун жалгыз баккан карапайым келинмин
Назира Айтбекова: Уулун жалгыз баккан карапайым келинмин
Илим Карыпбеков: Дырылдаган бойдон жетип келдим го
Илим Карыпбеков: Дырылдаган бойдон жетип келдим го
 Самара Каримова: Кыргызстандын бийик тоолорун эстеп жатам
Самара Каримова: Кыргызстандын бийик тоолорун эстеп жатам
Ырчы Гүлжигит Калыков кырк жылкылуу болду
Ырчы Гүлжигит Калыков кырк жылкылуу болду
Самат Эркинбеков: Жора байке менен Гуля эже киного тартыла баштады
Самат Эркинбеков: Жора байке менен Гуля эже киного тартыла баштады
 Сайкал Садыбакасова: “Кыргыз бала табылбай калдыбы?” деп сурашты
Сайкал Садыбакасова: “Кыргыз бала табылбай калдыбы?” деп сурашты
Сапаргүл Абдинабиева: Бул жыл - өмүрүмдүн эң оор жылы болду
Сапаргүл Абдинабиева: Бул жыл - өмүрүмдүн эң оор жылы болду
Жээнбеков Сауд Арабиясынын парламентинин спикери жолугушту
Жээнбеков Сауд Арабиясынын парламентинин спикери жолугушту
Радик Батыршин «Данакер» ордени менен сыйланды
Радик Батыршин «Данакер» ордени менен сыйланды
Шашылыш билдирүү: абанын температурасы +40 градуска жетет
Шашылыш билдирүү: абанын температурасы +40 градуска жетет
 Жүргүнчүлөрдү акысыз ташыган автобус ишке кирди
Жүргүнчүлөрдү акысыз ташыган автобус ишке кирди
Жумабеков Ибрахим Аль Аш Шейх менен жолукту
Жумабеков Ибрахим Аль Аш Шейх менен жолукту
Уйкусуздукка себеп кылган факторлор
Уйкусуздукка себеп кылган факторлор
​Конор Макгрегор кайрадан мелдешке чыгат
​Конор Макгрегор кайрадан мелдешке чыгат
Сары жана ак жумуртканын арасындагы айырмачылык кандай?
Сары жана ак жумуртканын арасындагы айырмачылык кандай?
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы кызматынан бошотулду
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы кызматынан бошотулду