Акын Бактыгүл Чотурова генералга турмушка чыкты

Акын Бактыгүл Чотурова генералга турмушка чыкты
14-Май 2019, Шейшемби, 18:15

Акын Бактыгүл Чотурова турмушка чыккандыгы тууралуу акын Жыпара Исабаев өзүнүн баракчасына куттуктоосун жазып чыкты.

"Куттуктайбыз!!! Кандай жакшы, кандай жакшы!!! Досторум, кымбаттуу поэзия күйөрмандары, кымбаттуу кыргыз элим, жакшы жаңылыгым бар. Сүйүнчү!Дүйнөдө дагы бир эки асыл, эки бийик, эки улуу адамды тагдыр кошуп, эки аалам - бир аалам болуп, эки дүйнө - бир дүйнө болуп биригип, мелмилдеген, мелжиген бир улуулукту жаратып... уккан кулакты, көргөн көзду кубантып турган чагы!Кыргыз элинин чыгаан уулу, генерал-лейтенант Калмурат Садиев агабыз менен Кыргыз поэзиянын белгилүү акыны Бактыгүл Чотурова эжебизди тагдыр кошту!Элдин эки асылы! Бар болуңуздар, дайыма бирге болуңуздар! Балдардын бактысын, урмат-сыйын бирге көрүп, бактылуу болунуздар! Эх-х... жезделүү болгон кандай жакшы!! Кыргыз элинин чыгаан уулу, генерал-лейтенант Калмурат САДИЕВ агабыз менен Кыргыз поэзиянын белгилүү акыны Бактыгүл ЧОТУРОВА эжебизди тагдыр кошту! Элдин эки асылы! Бар болуңуздар, дайыма бирге болуңуздар! Балдардын бактысын, урмат-сыйын бирге көрүп, бактылуууу болунуздар! Эх-х... жезделүү болгон кандай жакшы!! Эске сала кетсек: Ал эми Бактүгүл Чотурова 64 жашта. Бир топ китептердин автору. Белгилүү журналист катары да узак жылдардан бери республикалык гезиттерде иштеп келет",-деп жазды Жыпара Исабева.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР