Юлия Руцкая “Аппак сүйүү” менен үй-бүлө кургандардын башын бириктирет

Юлия Руцкая “Аппак сүйүү” менен үй-бүлө кургандардын башын бириктирет
25-Июнь 2019, Шейшемби, 23:11

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, ырчы Юлия Руцкая “кызыктуу флешмоб уюштурсамбы?” деген ниетин билдирди.

“Колукту эки жыл бою менин “Аппак сүйүү” деген ырымды аткарсам, анан ошол ырымдын коштоосунда турмушка чыксам кыялданыптыр. Ушунча жылдардан бери мени менен өз тоюн өткөргөн колуктулар жана үйлөнгөн жаштар 500дөн ашыптыр. Жакында сиздердин “Аппак сүйүү” менен башталган бактылуу үй-бүлөлүк жашооңуздарды майрамдаш үчүн сиздер менен бирге флешмоб өткөрүүгө ниеттенип жатам”,-деп маалымдады ырчы.

Эскерте кетсек, Юлия Руцкая элге “Кызыл гүл”, “Аппак сүйүү”,”Жолугарым билгемин” деген ырлары менен кеңири таанымал.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!