Самара Каримова: Маданият, музыка улут тандабайт

Самара Каримова: Маданият, музыка улут тандабайт
26-Июнь 2019, Шаршемби, 20:29

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, ырчы Самара Каримова кечээ, 25-июнь күнү Өзбекстандын Ташкент шаарында өзүнүн алгачкы жеке концертин ийгиликтүү берди. Кубанычтан толкунданган ырчы өзүнүн таасирлери менен бөлүштү.

“Мени колдогон улуу кыргыз элине, улуу өзбек элине чоң таазим! Тарыхый Мукими театры жык-жыйма толду. Билеттер орундар жок да сатылды. Концертим ушундай жогорку деңгээлде болот деп ойлогон эмесмин.Өтө толкунданып, сүйүнүп турган учурум. Маданият достукка чакырат! Өзбек туугандар кандай кабыл алат деп абдан ойлонгон элем. Көрсө маданият, музыка улут тандабайт экен. Мен үчүн бул концертим чоң мектеп, чоң сыноо, чоң тажрыйба болду. Кыргыздын кызы болуп бир эле кыргыз тилимде эмес, башка көп улутта да ырдап чыксам болот экен. Мени колдогон элиме чоң рахмат. Мени көтөргөн сиздерсиздер! Өзбекстандагы концерт режиссёрум, продюсерим кийинки да өткөрөбүз дешти. Коңшу мамлекеттин элдери чыгармачылыгымды баалап, ар бири кооз букеттер, гүлдөр менен келишиптир. Бүгүн, 26-июнда, Өзбекстан элинин президенти 45 күндө айылды, шаарчага айланткан Манас шаарчасында концерт берем»,-деп кубанычын бөлүштү Самара Каримова.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!