Илим Карыпбеков накта патриотмун дегендерге кайрылды

Илим Карыпбеков накта патриотмун дегендерге кайрылды
3-Июль 2019, Шаршемби, 20:54

КТРКнын мурдагы жетекчиси Илим Карыпбеков интернеттеги баракчасына патриоттор тууралуу өзүнүн көз карашын билдирди.

“Досум. Сен жалаң кыргызча сүйлөп, отурган турган жериңден кыргыз кыйын, кыргызча сүйлө, мекениңди сүй, кыргыз үчүн өл, жериңди корго деп, башка бирөө орусча биздин жерди башка элге таанытып жатса киргизсиң деп жемелегениң патриоттук, мекенчилдик эмес. Эгер сен ушунчалык эле кыргыз тили, дили, эли үчүн өлөм десең анда бир кулак сал.

Мен үчүн кыргыздын накта патриоту, мекенчил жигит-кызы бул жок дегенде эки чет тилди таза сүйлөп билген, жогорку билимдүү, маданияттуу, билими терең, кенен, март, жаман сүйлөбөгөн, жүрөгү таза адам. Мен үчүн кыргыз жигит-кызы таза орусча, англисче жаза билип, өзүнүн жерин, мекенин даңазалап жана өз кадамдары менен бөлөк элге адамзаттын жогорку сапаттарын, билиминин жогорулугун, маданиятынын бийиктигин көрсөтүп жаткан адам”,-дейт Илим Карыпбеков.

Белгилей кетсек, Илим Карыпбеков социалдык тармактардын активдүү колдонуучусу катары окурмандарга таанымал. Коомдогу болуп жаткан ар кылы окуяларга азил-чыны аралаш тамашалуу пост жазганы менен өзгөчөлөнөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!