Ырчы Гүлбү Ороскул кызынын ысымы көчөгө ыйгарылды

Ырчы Гүлбү Ороскул кызынын ысымы көчөгө ыйгарылды
8-Июль 2019, Дүйшөмбү, 09:29

Ырчы Гүлбү Ороскул кызынын ысымы Аксы районунун Авлетим айылындагы көчөгө ыйгарылды. Бул тууралуу кызы Айзуура Иманалиева билдирди.

“Жалал-Абад облусуна караштуу, Аксы районунун Авлетим айылында апакебиздин атынан - Гүлбү Ороскул кызы атындагы чоң көчө расмий түрдө пайда болду. Ошондой эле дал ушул көчөдө, апакем өзү ичип чоңойгон булакка да ысымы ыйгарылды. Бир четинен сыймыктансам, кайра жүрөгүм тызылдайт. Колдогон, кылган иштерин унутпаган эли бар экени сүйүнтөт. Буюрса дагы далай иштер жасалат деген үмүттөмүн”,-деп билдирди Айзуура.

Эскерте кетсек, белгилүү эстрада жана фольклор ырчысы, Гүлбү Ороскул кызы 2017-жылы 6-октябрда 40 жашында кайтыш болгон. Ал угармандарга "Ортомчу бизге көл кечи", "Балама", "Арзуу", "Мажүрүм тал", "Менин өмүр жазым", "Агылам сага" жана башка ырларды ийине жеткире аткарганы менен таанымал болгон. Акыркы жылдарда ал чыгармачылыгы менен катар Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын "Сармерден" көрсөтүүсүн алып барып жүргөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Президент:
Президент:"Балдарга карата зордук-зомбулукту болтурбоого милдеттүүбүз"
Жогорку Кеңеште өспүрүм балдар депутат болушту (фото)
Жогорку Кеңеште өспүрүм балдар депутат болушту (фото)
Диний лидер: Жаңы системада Иса пайгамбар виза алмак эмес
Диний лидер: Жаңы системада Иса пайгамбар виза алмак эмес
Бишкек: кайгуул кызматкерлерине бычак менен кол салуу болду (видео)
Бишкек: кайгуул кызматкерлерине бычак менен кол салуу болду (видео)
Ооруканага бир суткада 249 оорулуу кайрылган
Ооруканага бир суткада 249 оорулуу кайрылган
Экстремизмди алдын алуу маселелери талкууланды
Экстремизмди алдын алуу маселелери талкууланды
Кошуна жайгашкан үч үйдөн өрт чыкты
Кошуна жайгашкан үч үйдөн өрт чыкты
Кызылчадан жасалган жеңил салат
Кызылчадан жасалган жеңил салат
Эртең Бишкектин айрым жерлеринде ичүүчү суу токтотулат
Эртең Бишкектин айрым жерлеринде ичүүчү суу токтотулат
​Моуринью «Тоттенхэмдин» башкы машыктыруучусу болду
​Моуринью «Тоттенхэмдин» башкы машыктыруучусу болду
ЕЭК Кыргызстандын унаага болгон бажы алымы боюнча өтүнүчүн четке какты
ЕЭК Кыргызстандын унаага болгон бажы алымы боюнча өтүнүчүн четке какты
Окуучуларды альтернативдүү олимпиадага каттоо башталды
Окуучуларды альтернативдүү олимпиадага каттоо башталды
“Жаңы жылдык” диета
“Жаңы жылдык” диета
Америкалык космонавт ачык космосто бутун суу кылып алды
Америкалык космонавт ачык космосто бутун суу кылып алды
Төрага: Жергиликтүү кеңештин депутаты жогорку билимдүү болсун дегенге каршымын
Төрага: Жергиликтүү кеңештин депутаты жогорку билимдүү болсун дегенге каршымын
А​ксыда окуучу кыздар арасында массалык мушташ чыкты
А​ксыда окуучу кыздар арасында массалык мушташ чыкты