Асема Токтобекова: Жеңди түрө ишке кириштик

 Асема Токтобекова: Жеңди түрө ишке кириштик
30-Июль 2019, Шейшемби, 15:40

Кино жана театр актрисасы Асема Токтобекова сулуулук салонунун бирин кайрадан иштетмей болду. Бул тууралуу актриса өзү кабарлады.

““Кырсык каш-кабактын ортосунда” демекчи, баарыңыздарга белгилүү болгондой эле 10 күндөй мурда тагыраак айтканда 17-июлда жагымсыз окуяга туш болуп, жакында эле ачылган “ASEM beauty” салонубуздун 2-филиалын ресторандан чыккан өрт тилекке каршы өз залакасын тийгизип, жалмап кетти эле. Мына ушундай орчундуу себептерден улам 1-филиалыбыз да убактылуу жабылып, кыздарыбыз эс алууга чыгышкан болчу. Эмне дейбиз, адам баласы бул жалганга сыноо үчүн келет экенбиз. Бул тирүүлүктө жалган жашоо улана берет турбайбы. Мына ушундай башка түшкөн оор сыноо, кыйын учурларга карабастан кайрадан белди бекем бууп, жеңди түрө ишке кириштик. Айтаарым, эртеңден баштап, урматтуу биздин сүйүктүү кардарларыбыз биз сиздерге Москва көчөсү 124/Орозбеков көчөсү кесилишкен даректеги салонубуздун каалгасын жакшы тилек, келечекке койгон бийик максаттар менен ачалы деп жатабыз”,-деп билдирди Асема Токтобекова.

Эскерте кетсек, 17-июлда Асема Токтобекованын Бишкектеги сулуулук салонунда өрт кырсыгы болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Борончу Кудайбергенов  МАИ кызматкерлерине кайрылуу жасады
Борончу Кудайбергенов МАИ кызматкерлерине кайрылуу жасады
Эмил Эсеналиевдин жубайы көз жарды
Эмил Эсеналиевдин жубайы көз жарды
Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары үчүн антикоррупциялык пландар иштелип чыгат
Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары үчүн антикоррупциялык пландар иштелип чыгат
25-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат
25-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат
Бишкекте Москва күндөрү аталышындагы иш-чара өтөт
Бишкекте Москва күндөрү аталышындагы иш-чара өтөт
​Дүйнөдөгү боюу узун футболчулар
​Дүйнөдөгү боюу узун футболчулар
Таласта өтчү Көчмөндөр оюндарына ыктыярчылар керек
Таласта өтчү Көчмөндөр оюндарына ыктыярчылар керек
Макгрегор: Хабиб менен реваншка чыгып, чемпиондук наамды кайтаргым келет
Макгрегор: Хабиб менен реваншка чыгып, чемпиондук наамды кайтаргым келет
 ИИМ: Богатырев жана Турдукулов күбө катары сурак берип чыгышты
ИИМ: Богатырев жана Турдукулов күбө катары сурак берип чыгышты
«Salam» брендинин SIM-карталары сатыла баштады
«Salam» брендинин SIM-карталары сатыла баштады
Нидерланды менен Германия “климат” алкагында бирге иштешет
Нидерланды менен Германия “климат” алкагында бирге иштешет
Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж
Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж
Ретро стилиндеги электрокар ушул күздө көрсөтүлөт
Ретро стилиндеги электрокар ушул күздө көрсөтүлөт
Кытайлык жаран мээсиндеги курт менен 30 жыл жашаган
Кытайлык жаран мээсиндеги курт менен 30 жыл жашаган
Барак Обама 15 миллион долларга үй алат
Барак Обама 15 миллион долларга үй алат
Ыктытканды кантип токтотсо болот?
Ыктытканды кантип токтотсо болот?