Баястан менен Зульфия Лансарова жентек той өткөрүштү

Баястан менен Зульфия Лансарова  жентек той өткөрүштү
3-Сен. 2019, Шейшемби, 14:58

1-сентбрда рэп ырчысы Баястан менен бийчи Зульфия Лансарова июнда төрөлгөн кызына жентек той өткөрдү.

Бишкектеги белгилүү бир тойканаларда өткөн жентек тойго жакын туугандары эле чогулган. Бул жентек той менен катар агасынын эки уулунун да сүннөт тою болгон. Эки тойду жалаң туугандар, куда-кудагыйлардын коштоосунда өткөрүшкөн.

Эскерте кетсек, өткөн жылы 11-августта Баястан менен Зульфия Лансарова экөө баш кошушкан.

Ал эми ушул жылдын 3-июнунда Наринэ аттуу кыздуу болушкан эле.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР