"Ютуб" каналында 1 миллион дислайк алган ыр

10-Сен. 2019, Шейшемби, 11:36

Россиянын белгилүү рэпери Тимати менен Гуф каймана аты бар рэпер Алексей Долматовдун “Москва” деп аталган ырын аткарышып, элдин сынына кабылып, "Ютуб" каналында катуу талкуу жаратты.

"Ютубга" чыгаары менен бул ырды уккандар бийликке жагынуу иретинде же акча үчүн жазылган деген пикирлерин калтырышты. Ал эми Тимати ага карата айтылган сын-пикирге мындайча жооп берди.

"Негизи элдин кыжырына тийиш үчүн дагы аракет кылыш керек экен. Бирок чындыгында нааразы кылалы деген эмесмин. Резонанстуу пикирлер дайыма негатив аркылуу кабыл алынарын түшүнөм. Чыгарма үчүн мага акча берген эмес жана жеке ишкерлигимди сактап калайын деген жокмун. Азыр бийликти тилдөө мода болуп калды. Бирок менин өзүмдүн пикирим бар.

Ооба, бийликте жаман адамдар дагы бар. Бирок баары окшош эмес. Мен мэрди сыйлайм, мен шаарымдын гүлдөп жатканын көрүп жатам. Митингге чыккандардын жарымы акча алышат, аларга ким демөөрчү болуп жатканы белгилүү. Бийликтин алмашуусу эч нерсени өзгөртпөйт. Себеби жаңы келген кызматкерлер деле өзүнүн жакындарын жооптуу кызматка дайындайт. Мындан чыгуунун жолу - өзүңдүн үстүңдөн иштөө. Митингге чыккандын ордуна иштеш керек", - деген ал.

Ошондой эле рэпер бул клиби менен эч кимди капа кылгысы келбей турганын, Москва анын сүйүктүү шаары экенин билдирген. Мындан улам ал клипти интернет түйүнүнөн өчүрүү чечимин кабыл алганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Ал эми Коомчулук тарабынан айтылып жаткан пикирлерге карата Гуф дагы өзүнүн жообун калтырган.

«Чыгарма менен клип 2 күндө даярдалган. Эч кандай мамлекеттик буюртма, акча дагы болгон эмес. Болгону бийиктиктен тартылган видео менен шаарыбызды куттуктап коюу ниетибиз болгон».

Бул "Москва" аталышындагы клип интернетке 7-сентябрда жүктөлүп, 5 жарым миллиондон ашуун көрүүчүнү топтой алган. Бирок ошол эле учурда клипке 2 күндүн ичинде 85 миң "жакты" белгиси, 1 жарым миллионго чукул "жакпады" (дислайк) деген белги басылып, сын-пикирлер жазылган.

Эскерте кетсек, бул ырда Москва шаарынын күндөн күнгө өсүп, өнүгүп жатканын айтылып, шаардын кооз жерлери көргөзүлгөн. Учурда Москва шаарынын мэри болуп Сергей Собянин иштеп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР