Гүлсина Чотонова:“Мекенимде ар бир жүрөк "Кыргызстан" деп соксо экен!"

Гүлсина Чотонова:“Мекенимде ар бир жүрөк
28-Сен. 2019, Ишемби, 12:17

Кыргызстандагы белгилүү тасмаларда баш каармандарды жаратып, өзгөчө ролдорду аткарган, телевидениеде алып баруучулук милдетти да аркалаган кыргыздын белгилүү, таланттуу кыздарынын бири Гүлсина Чотонова Zaman.kg сайтына жаңылыктары менен бөлүшүп, маек куруп берди.

-Азыркы чыгармачылыгыңыз, жашоо, үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз?

-Чыгармачыл адамдарда эргүү ар дайым болуп турат экен, башкысы: Элибизден, Эгемен мамлекетибизден улук эмне бар?! Элдин элегинен өтүү үчүн, купулуна толуу үчүн, ар бир чыгарманы ийине жеткирүүгө жан үрөйбүз да. Акын Элмирбек Иманалиевдин "Чыгарма жан багууга эмес, жан-дүйнөнү байытууга кызмат кылышы керек"-деп айтканы бар. Таамай айтылган сөз. Өмүрлүк жолдошум Акылбек экөөбүз, Кудайдын кулагы сүйүнсүн үч баланы тарбиялап, ден-соолугун, бактысын, өмүрүн, келечегин тилеп чоңойтуп жатабыз.

- Сизди эл Карагыз тасмасы аркылуу жакшы тааныйт, ал кезде стилиңизди да өзгөртүп, чачыңды кырдырган элеңиз, дегеле кино, тасма сиз үчүн эмне? Хоббиби, жумушпу, чыгармачылыкпы же киреше алып келчү булакпы?

-Мен көп айттым, дагы далай айтам, буйруса. "Кыргыз кино кереметин” жаратуучулардын бири, КРнын Эл артисти Геннадий Базаров менен иштешүү бактысына эгедер болгонум үчүн сыймыктануу менен ыраазычылыгымды билдирем. Геннадий Садырович болбосо кинонун керемет дүйнөсүн аңдайт белем, жок беле?! Ошол "Карагыз" кино тасмасынан тарта ал киши режиссердук кылган "Метаморфоза", "Исход", "Туздуу талаа" фильмдеринде роль жараттым. Кино мен үчүн керемет, сыйкырдуу дүйнө, мен үчүн ыйык. Адамзаттын аң-сезимин тарбиялоочу дагы бир күч. Кинону хобби же киреше табуучу булак деп эсептөө мен үчүн акылга сыйбаган нерсе.

-Баш аягы канча тасмага тартылдыңыз? Сунуш кандай түшөт, тасмага тартылуу үчүн, же кастингдерге барып катышасызбы?

-2003-жылы тартылган «Карагыз» тасмасы Ялтадагы «Вместе» телекинофорумунда 2004-жылы “Гран-При” байгесине татыган. 2005-жылы тартылган «Метомарфоза» тасмасы Кыргыз Мамлекеттик Чыңгыз Айтматов атындагы Жаштар сыйлыгынын алган. 2008-жылы «Исход», 2012-жылы «Куурай-Куурай» режиссеру Маролейн Бунстра. (Нидерландия.), 2013-жылы «Талгар охотник», 2015-жылы «Көпөлөк», тасмаларына тартылдым. 2015-жылы «Обещание» тасмасында «эң мыкты аялдын ролу» номинациясына ээ болгом. Негизи киного телефон чалып чакырышат, видео проба кылышат, ролго ылайыктуу болсоң, ролго бекитишет.

- Телевидениеден да көрүп калабыз, кайсы көрсөтүүнү алып барасыз?

-КТРКда эмгектенгениме 22 жылга аяк басты. Мен бала кезимден эле теле-радиого, театрга көп каттадым. Алгач радиого чыгып жүргөм, алгачкы устаттарым: Мезгил Исатов менен Чынара Бостонова болду, кийин иститутту аяктаган соң, телеге барып Жылдыз Токтосунова жана Бөкөнбай Боркеевге шакирт болдум. Жылдыз эжем да, Бөкөнбай агай да бул жарык дүйнө менен кош айтышкан. Учурда “Арноо концертинин” режиссерумун, КРнын Эл артисти Бактыбек Мамытов, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Гүлшан Молдоева жана Чыңгыз Мырзаев менен чогуу иштейм. Кээде "Ала-Тоо таңшыйт" музыкалык көрсөтүүсүн алып барып жүрөм, автору жана режиссеру, Эл аралык Түрксой сыйлыгынын ээси-Ырыс Окенова.

- Мыкты ырдайсыз, буга чейин тойлордо же ар кандай жерлерде созолонтуп ырдаганыңды угуп калчубуз, акыркы жолу Расул Маматкулов менен да жакшы ырды аткарыпсыз балким баарын жыйыштырып коюп ырчы болорсуз?

- Кыргыз эли талаттуу калк. Тарыхыбызды, Манасыбызды, Чыңгызыбызды айтпаганда да... Бешик ырын угуп чоңоюп, кошок ыры менен тиги дүйнөгө сапар алабыз. Анан, жан-дүйнөсү чыгарамачыл адам катары менин ырдаганым, ашыкча болбос. Бул ыр "Кызгалдак" деп аталат. Сөзүн Б. Карагулова эжебиз жазган, обону Расул Маматкуловдуку. Алгач өзүм үчүн эле жаздырып коеюн дегем, Расул байке: "Элдин элегине салып көрөлү" деп калды, "Ыргактуу, ырдамдуу, жаңы ыр, эмнеге болбосун?.." деп, жалпы кыргыз калкын урматтоо менен чыгарып койдук. Ал эми мен тойлорго ырчы катары барып ырдабайм, жоро-жолдошторубуздун жакшылыктарына конокко барганда гана ырдап калмайым бар.

- Жашоодо эмнеден коркуп жана эмнеге кубанасыз?

- Алааматтан, мекенибиздин эгемендүүлүгүнүн жоголуусунан корком. Ааламдагы бар жакшылыктардын баарына кубанам.

-Адамдарда, мырзалардагы кайсы сапат сизге жагат жана жакпайт?

.-Адамдарды "жакшы-жаман, жагат-жакпайт"- деп бөлө албайм. Кудайым жараткан ар бир жандуу нерсе татыктуу жашаганга акылуу жана милдеттүү. Адам баласы "адам" гана болууга милдеттүү.

- Ишенчээк деп билебиз сизди, ушунун азабын тартып, ишенчээктиктен сиздин көңүлүңүздү оорутуп, сизди пайдалангандар болду беле?

-Ишенчээктиктин деле, артыкчылык, кемчиликтери болот экен, мен билгенден. Чыгармачыл адамдардын көпчүлүгү ишенчээк болушат. Бирок, мени пайдалангыдай адам тагдырын чечүүчү кызматтарда иштеген жокмун да.

-Саясатка кандай карайсыз? Өзүңүздү депутаттыктан же чиновниктин креслосунан көрө аласызбы?

- Саясат менен ишим жок... Такыр иш алгым да келбейт...

-Учурда Кыргызстандагы болуп жаткан кырдаалга кандай баа бересиз?

- Үмүт деген үзүлбөгөндүгү менен үмүт экен го. Кудайга миң жалбарасың... Мекенимде соккон ар бир жүрөк "Кыргызстан" деп соксо экен!

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР