Алина Жетигенова: “Бул жалаа үчүн эл алдында уят болуп, уйку бетин көрбөй...”

Алина Жетигенова: “Бул жалаа үчүн эл алдында уят болуп, уйку бетин көрбөй...”
8-Окт. 2019, Шейшемби, 15:28

КРнын эмгек сиңирген артисти, ырчы Алина Жетигенованы Асель аттуу интернет колдонуучусу анын көп суммадагы карызды бербей жүргөнүн айтып күнөөлөп жаткан эле.

Асель айымдын бул жазганы интернетке тарап, ырчы Алина Жетигенова тууралуу жагымсыз пикирлер тараган.

Арадан узак убакыт өтпөй эле Алина Жетигенова бул окуя тууралуу өзү маалымат берди:

Сьемкадан чыгып баратсам, алып баруучу Асел жолугуп, “Алина эже, сиңдимдин товарлары бар эле. Сиздин тааныштарыңыз көп го. Сатышып бериңизчи” деп офисине киргизип 1 пальто,1 куртка,1 безрукавка берди. Ой мен гастролго кетип атам, сыртта көпкө жүрүп калам дегениме карабай, “жазга чейин сатылса болду” деп берип салды. Ошентип гастролго кетип калып баягы товарларды сата алган жокмун. Кийин өтпөй жатканын айтып товарларды алып барып берейин десем, “албайм, акчасын бериңиз” дегенде таң калдым. Ак көңүл жаным мейли, дагы аракет кылып көрөюн деп койдум. Кийин ортодо бир топ жагымсыз чалуулар болду. “Акчасын мен берип койгом. Мага акча керек” деп тааныбаган аял чалып доолай баштады. Мага товарды ким берсе ошону менен сүйлөшөм деп ал аялдан араң кутулдум. Дагы бир күнү “жолдошумун, ал акчаны мен бергем. Акчамды алып келип бер” деп товарды мен өз эрким менен алгандай туш тараптан кыйнап “Эгер товарды сатып акчаны алып келип бербесе соц тармактарга уят кылып чыгарам” деп коркутуп жазган смстерин да Асел мага жөнөткөн. Ал смстер менде сакталуу. Аягында Асел менен сүйлөшүп, товарларды алып барып бере турган болдум. Дал ошол күнү бир тойдон Аселге жолугуп калып, товарларды азыр эле берип коеюн десем “Эже, азыр машинам толтура товар. Эртең менен алып келип бериңиз” деди.Эртеси Замананын таңкы көрсөтүүсүнө тартылмакмын, Заманага баратып, өзү жок экен, офисине таштап кеткем. Аселдин сиңдисин көргөн да, сүйлөшкөн да эмесмин. Анан эле сиңдиси товарды жан талашып карызга алып кеткендей, анан акчасын бербей, качып жүргөндөй жаман атты кылып жазып чыкты. Абдан ызаландым. 40 жыл сахнада жүрүп, элге арнаган ак эмгегиме, жеке аброюма шек келтиришкендер жүрөгүмдү оорутту. Айрым сайттар бул жалааны мага чалып тастыктап албай эле жайылтууга аркеттерин көрүштү. Шоу дүйнө жаңылыктары деген акаунт “Алина Жетигеновага чалсак өчүк, байланыша алган жокпуз” деп жазыптыр. Мага эч ким чалган жок. Чалса ушул нерсени айтып бермекмин. Менин телефонум эч качан өчүрүлүү болбойт. Телефон номерлерим өзгөргөн эмес. Чыгармачылыктагы кесиптештеримден сурашса деле табышат болчу. Ошондой эле бул акаунтка болгон чындыкты жазгандардын комментарийлерин эмнегедир өчүрүп салып жатышат. Бул жалаа үчүн эл алдында уят болуп, уйку бетин көрбөй, жүрөк сыздап, дары ичип, жаман абалда жүргөндүктөн, коомчулукка, элге бул иш кандай болгонун айтып койгум келди",- деп айтты.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Төкмө акын Аалы Туткучевдин клибин жактыргандар көп болууда (видео)
Төкмө акын Аалы Туткучевдин клибин жактыргандар көп болууда (видео)
Илим Карыпбеков: Акыркы күндөрү очки тагынып эле асманды карап калдым
Илим Карыпбеков: Акыркы күндөрү очки тагынып эле асманды карап калдым
Мугалимдердин маянасын которуу автоматташтырылат
Мугалимдердин маянасын которуу автоматташтырылат
Анжелика  Кайратова “Айым-Style” салонунун жаңы борборун ачат
Анжелика Кайратова “Айым-Style” салонунун жаңы борборун ачат
Парламенттик шайлоого даярдык көрүүнүн жүрүшү талкууланды
Парламенттик шайлоого даярдык көрүүнүн жүрүшү талкууланды
Арстан Алай: Ааламдан буйрулган адамды соттойм десең, аалам сени соттойт!
Арстан Алай: Ааламдан буйрулган адамды соттойм десең, аалам сени соттойт!
Эртең абанын температурасы +24 градуска чейин ысыйт
Эртең абанын температурасы +24 градуска чейин ысыйт
ИИМ: Банкка материалдык чыгым келтирген адам кармалды
ИИМ: Банкка материалдык чыгым келтирген адам кармалды
Ачык типтеги кеңседе иштөө айымдардын психологиясына зыянбы?
Ачык типтеги кеңседе иштөө айымдардын психологиясына зыянбы?
Бишкекте мэрияга караштуу жерди басып алууга аракет кылгандар кармалды
Бишкекте мэрияга караштуу жерди басып алууга аракет кылгандар кармалды
20 миң долларлык сүрөт уурдалды (видео)
20 миң долларлык сүрөт уурдалды (видео)
Кыргызстанда тогуз айда 289 миң тонна эт өндүрүлдү
Кыргызстанда тогуз айда 289 миң тонна эт өндүрүлдү
  Түрк кеңешинин өлкөлөрүнүн жалпы ИДӨсү 1.5 трлн долларды түзөт
Түрк кеңешинин өлкөлөрүнүн жалпы ИДӨсү 1.5 трлн долларды түзөт
Мамкомиссиянын мүчөлөрү Кой-Таштыктар менен жолугушту
Мамкомиссиянын мүчөлөрү Кой-Таштыктар менен жолугушту
Тогуз айда өлкө боюнча колдонууга берилген турак-жайлар көбөйдү
Тогуз айда өлкө боюнча колдонууга берилген турак-жайлар көбөйдү
Депутат:
Депутат: "Мен кудаймын" деп кыйкыргандарга кандай чара көрүлөт?