Ош шаарында майрамдык иш-чаралар өтүүдө

Ош шаарында майрамдык иш-чаралар өтүүдө
10-Окт. 2019, Бейшемби, 12:38

“Ош Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" иш-чарасынын алкагында “Ош шаары түрк тилдүү мамлекеттердин фотосүрөтчүлөрүнүн көзү менен” аттуу сүрөт көргөзмөсү өткөрүлдү.

Оштогу “Алымбек Датка” этнографиялык комплексинде, Түрк дүйнөсүнүн фотосүрөтчүлөрүнүн Оштогу он алтынчы жолугушуусунун аткагында “Ош Түрк дүйнөсүнүн фотосүрөтчүлөрүнүн көзү менен” аттуу сүрөт көргөзмөсүнүн ачылыш аземи болду.

Ага Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, ТҮРКСОЙдун КРдагы өкүлү Кожогелди Култегин, Түрк дүйнөсүнүн фотосүрөтчүлөрү, шаар тургундары жана жаштар катышты. Көргөзмөгө 12 сүрөтчүнүн 3төн сүрөтү – жалпысы 36 сүрөт коюлду.

Анда сүрөтчүлөр Ош шаарын жана облусун чагылдырган.

Эскерте кетсек, буга чейин Түрк дүйнөсүнүн фотосүрөтчүлөрү Оштун көрүнүктүү жерлери Сулайман-Тоону, борбордук базарды кыдырып, Ош шаарынын күнү – элдик майрамын сүрөткө тартышкан.

Ошондой эле, Ноокат районунда жайгашкан Абшыр-Ата шаркыратмасын, кыргыз айылдарын, жаратылыш көрүнүштөрүн да сүрөткө тартып кайтышкан.

Ал эми, Ош шаарынын 3019 жылдык мааракесине карата А.Сүйүмбаев атындагы борбордук стадиондо чоң программадагы гала-концерт менен жыйынтыкталды

Концертте Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандын эстрада жылдыздары Сыймык Бейшекеев, Нурлан Насип, Кайрат Примбердиев, Асел Касымова, Бахтияр Токторов жана Ош шаардык маданият башкармалыгынын бий топтору өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Майрамдык концертке 12 миңге жакын адам күбө болду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
​Жапония курамы Ак шумкарларды 2:0 эсеби менен жеңди
​Жапония курамы Ак шумкарларды 2:0 эсеби менен жеңди
Президент балет бийчилери менен жолугушту
Президент балет бийчилери менен жолугушту
“Кыргыздын Баскову” Чырмаш Төрөбеков ыр кечеге чакырат
“Кыргыздын Баскову” Чырмаш Төрөбеков ыр кечеге чакырат
Жээнбеков:
Жээнбеков:"Шайлоодо административдик ресурс колдонулбаш керек"
Мээсине ийне сайылып калган үч жашар кыз аман калды
Мээсине ийне сайылып калган үч жашар кыз аман калды
Марста жашоо барбы?
Марста жашоо барбы?
​Тай бокс чемпионун Москвада атып кетишти
​Тай бокс чемпионун Москвада атып кетишти
Жанар Акаев: Болочок мугалимдердин стипендиясын 30 пайызга көтөрүү керек
Жанар Акаев: Болочок мугалимдердин стипендиясын 30 пайызга көтөрүү керек
"Шумкар" атайын багыттагы полку жарандарды жумушка чакырат
Асел Кадырбекова: Дайыма жалгыз бой энелерге урматымды билдирем
Асел Кадырбекова: Дайыма жалгыз бой энелерге урматымды билдирем
Шекердин дагы бир зыяндуулугу аныкталды
Шекердин дагы бир зыяндуулугу аныкталды
Саммит: Касымалиева англис тилинде баяндама жасады (видео)
Саммит: Касымалиева англис тилинде баяндама жасады (видео)
Судья Куанбек Киргизбаев кызматынан бошотулду
Судья Куанбек Киргизбаев кызматынан бошотулду
Златан Ибрагимович
Златан Ибрагимович "Гэлакси" клубунан кеткендигин жар салды
Инстаграмдан 3,3 миллионго жакын пост өчүрүлдү
Инстаграмдан 3,3 миллионго жакын пост өчүрүлдү
Нурлан Насиптин эжеси ырчылыкка билек түрө киришти
Нурлан Насиптин эжеси ырчылыкка билек түрө киришти