"Алай" командасынын футболчусу Жоэл Кожо кыргыз кызына баш кошту

21-Окт. 2019, Дүйшөмбү, 17:17

"Алай" командасынын футболчусу, Гана республикасынын жараны Жоэл Кожо кыргыз кызына үйлөндү. Бул тууралуу футбол клубунун Instagram социалдык бакчасына жарыяланды.

Жоэл Кожо Африканын Гана республикасынын жараны, учурда ал 21 жашта. “Алай” футбол клубуна 2018-жылы келген. Колуктусунун аты Айзада, Чүй областында туулган.

Жубайлар үйлөнүү үлпөтүн кечээ 20-октябрда Токмоктогу "Гавайи" ресторанында өткөрүштү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР