Элмира Тагаева: “Жашоомду театрсыз элестете албайм”

Элмира Тагаева: “Жашоомду театрсыз элестете албайм”
22-Окт. 2019, Шейшемби, 11:14

Учурда тартылып жаткан кыргыз тасмаларындагы өзгөчө образдары менен роль жаратып, сахнада спектаклдерде мыкты аткарган актриса Элмира Тагаеванын чыгармачылыгы, ой-толгоосу боюнча zaman.kg сайты маек курду. Элмира айым Бишкектеги Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрынын алдыңкы актрисаларынын бири.

-Өзүңүз тууралуу кыскача маалымат айтсаңыз?

- 1978-жылы Нарын облусуна караштуу Жумгал районундагы Кызарт айылында туулгам. 1995-жылы мектепти аяктагам. Атам каза болуп калып, мектепти аяктагандан кийин эки жыл окубай калгам. Эки жылдан кийин ошол кезде Москвадагы Щепкин атындагы театралдык училищага тапшырып, өткөм. Бирок, кандайдыр бир себептен улам ал жакка барбай калгам. Себеби, ал жакка көпчүлүгү тааныштар аркылуу өтүшкөн, менин таанышым жок болгондуктан калтырып салышкан. Ошондо мага катуу сокку болду. Бардык турдан өтүп, билетиңерди, жылуу кийимиңерди камдай бергиле деп атып эле акыркы учурда мени калтырып салышты. Анда жаш, курч кезим эле. Баарын бетке айткан. Ошол бетке айтканым жакпай калыштыбы, айтор өткөрбөй коюшту. Анан мен ал жылы башка окуу жайларга тапшырганга кечигип калдым. Щепкинге өттүм деп жүрө берипмин. Анан театралдык училищага келдим.Училищада окуп калдым. Ал жакта ыраматылык Алмаз Сарлыкбеков, Советбек Жумадылов, Дүйшөн Байдөбөтов сыяктуу залкарлардын колунан сабак алганыма сыймыктанам жана кубанам. Ошол кезде алардын баркын билбептир биз азыр ойлосом. Сабира Күмүшалиева эжелер менен да массовкага чыгып ойноп, алардын акыл-насааттарын уктук. Ошентип кызыктуу студенттик күндөрүм өттү. Окуу жайды аяктагандан кийин Сарлыкбеков агайдын кеңеши менен Нарын музыкалык драма театрында эмгек жолумду баштагам. Ал жакта чоң залкар артисттер менен иштедим, Курманжан Датка спектакли коюлуп жаткан экен, мен Датканын жаш кезин ойнодум. Нарында үч жыл иштеп, Бишкекке кайтып келип, ошондон бери Бакен Кыдыкеева атындагы мамлекеттик жаштар театрында иштеп келе жатам. Бул жакка келгенден кийин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунун радио-телевидение жагын аяктап, жогорку билим алдым. Режиссердук да дипломум бар. Азыркы учурда радиодо да эмгектенем.

- Ушул кезге чейин бир топ кино тасмаларда роль ойногонуңузду көрүп жүрөбүз, канча тасмада жана канча спектаклде роль ойнодуңуз?

- Кудайга шүгүр убагында жакшы эле ролдорду жараттым. Убагында бул роль, ойнош керек деп ойлосом, азыр ошол кезде бир топ эле эмгек кылыптырмын деп калам. Ал кезде сен ушундай ролдорду жаратып, иштеп атасың деп башыман сылаган деле киши болгон эмес, чынында.Тескерисинче, сындап, жаман көргөн учурлар да болгон. Театрда жалаң башкы ролдорду ойнодум. Ал эми кинолордо эпизоддук ролдорум көп. Ал эми Жаныш Кулмамбетовдун “Кандуу сүйүү” тасмасында баш каарманды ойнодум. Ошол кинодогу Зайнанын ролунан улам азыркы күнгө чейин мени таанышат. “Айыл өкмөтү” тасмасында, “13 жашаар баланын арманы”, “Президент жана бомж”, “Ак шоола”, “Келинка” деген сериалда, “Акыркы көч” деген фильмге эпизоддук ролго тартылып келдим. Андан тышкары телевидениеге барып,үн коштойм, радиодон “Бейпил түн” программасында жана ар кандай берүүлөрдү окуйм. Радиоспектаклдерди окуйбуз, азыр деле жаным тынбай иштеп атабыз.

- Кыялыңыздагы роль, кимдин образын жараткыңыз келет?

-Менин кыялымдагы роль Чыңгыз Айтматовдун Жамилясын абдан ойногум келчү. Мүмкүнчүлүк болуп мына ойнойм деп атканда чыкпай калдым. Болбосо экинчи же үчүнчү состав болсо да ойносом деп аябай даярданып аткам. Анда да болбой калды. Анда менчик спектакль болуп кетип чыкпай калдым. Кыялымда көп образдарды жараткым келет. Тасмаларга деле тартылдым, бирок азыраак болуп калды. Жаштык кезибизде тартылган бир тасма калып калса жакшы болмок деп ойлойм. Тасмаларда калдым дечи, бирок балким башкача жанрдагы, башкача образды жаратсам болот беле деп ойлоп калат. “Саманчынын жолунда” Алиманды кичинекей үзүндү ойноп калдым, ошого ушунчалык каниет алган элем. Айтматовдун чыгармаларынан ойногум келет. Эми азыркы жашыма деле образдарды чыгара берем.

-Сиз кыйналган роль жана сизге жакпаган роль. Дегеле роль тандайсызбы?

- Жаман роль жок, жаман актер бар деп айтып коюшат го. Жаман ролду дагы мыкты актер сонун чыгарып берет, мейли терс, мейли оң каарман болсун, ошону ийинине жеткирип болушунча элге тартуулап, ачып берет. Чындыгында мен тажаган роль болгон эмес. Көп ролдорду ойносом деп самайм. Мага роль берилип калса, ошол роль менен жашап, саат канчада болсо да формада туруп, чуркап барам.Роль берилип турса барына жетишем, көңүлүм көтөрүңкү, ачык болот. Үйдө болуп калсам думугуп кетем.Театрга бир аз барбай калсам, сахнага чыгып, театрдын жытын сагынам. Кинодо спектаклде роль тандабайм. Бирок кыргыздын менталитетинен алысыраак бир образды жараткандан баш тартып койдум.

-Жолдошуңуз да чыгармачыл адам, ал тууралуу да айтсаңыз?

-Жолдошум Чыңгыз Мамаев, “Учур” мамлекеттик жаштар театрында иштейт. Эки жыл мурун “Эмгек сиңирген артисти” наамын алган. Экөөбүз курсташпыз, чогуу окуганбыз, ошентип баш кошконбуз. Үйдө отуруп чыгармачылыкта чогуу талкуу жүргүзгөндө Чыңгыз мени дайыма сындап турат, сынды, талапты катуу коет. Өзү мыкты актер.А л болгон убактысынын баарын жумушуна арнайт. Аял кишинин туйшүгү көп. Үч балалуубуз. Улуу кызыбыз Мираида 18 жашта, Барсбек 10 жашта, Байэл 4 жашта. Аял киши эркектерге караганда түйшүкчүл болот экенбиз. Ушуларга да алаксып, балдарымды чоңойтуп тарбия берип отурам.

-Саясатта достук жок деп коюшат эмеспи,чыгармачылыкта да достук жокпу же барбы? Көрө албастык, атаандаштыктыбашыңыздан өткөрдүңүз беле?

-Чыгармачыл жаатта досторум, чогуу иштешкен кесиптештерим бар. Ал эми чыныгы досум бирөө эле-Айзада. Экөөбүз бир нанды тең бөлүп жеген доспуз, бир туугандайбыз. Мен жалгыз кызмын, бир тууган таап алганыма ыраазымын, бир тууганымдай жакшы көрөм. Чындыгында абдан деле көп дос күтүп көрбөптүрмүн. Чыгармачылыкта көрө албастык болот. Элдин оозуна алынып, жакшы чыгып баратсаң ичи тардык кылышы мүмкүн. Бул турмуштагы боло берчү нерсе. Негизи көрө албастык адамдын мүнөзүнө байланыштуу. Ал бүгүн же кечээ болгон нерсе эмес. Бул адамдын кулк-мүнөзүндө болгондон кийин айрым адамдар ошону өмүр бою колдонуп келет. Сен тууралуу жакшы сөз сүйлөп жатса кылтыйып өзүн жаман сезип тургандар да болуп калат. Бирок, илгерки замандай болуп бири-бирине бут тосуу деген жок. Азыр баары ачык айкын болуп калды. Анча-мынча көрө албастык болуп калат, бирок көп эмес.

- Сизге эркин микрофон, жан дүйнөңүздөгү сөздү айтсаңыз?

- Биздин мамлекетке нааразычылыгымды айтат элем. Кайсы мамлекет башчысы келсе да, биздин маданият жагын такыр көтөрбөй койду. Театрга келген таланттуу жаштар айлыктын аздыгынан бат эле кетип калышат. Анткени мынчалык акча менен эч ким иштебейт. Көбү чет мамлекетке кетип жатышат. Аларды көрүп ичим ачышат, алар калып иштесе болбойт беле дейсиң. Мурда иштеп эбин тапкандар той менен жан бакмай. Жолдошум Чыңгыз тамадалыкты аркалап иштеп каражат табат. Мен болсо Жар-жар ырын жаздырып, кыз узатып, умай эне болуп тойлорго чыгып акча табам. Ошентип, мамлекеттен жардам жок. Он жылдан бери бир сомдон бери чогултуп, өзүбүздөн өөнөп, ченеп атып үй салып атабыз. Антпесе, он беш жылдан бери жатаканада жашайбыз. Мамлекеттен жеткиликтүү каржыланбаса, көңүл бурулбаса, анан элден эмнени талап кылышат? Маданияты жок мамлекетти элестетүү кыйын. Коңшу өлкөдөгү театрлардын өсүп атканын көрүп, эмне үчүн бизде андай эмес деп ичим күйөт, биздин таланттуу жаштарыбыз чет мамлекетте көчө шыпырып, кароолчу болуп, дүкөндө иштеп жанын багып, акча таап атышат. Болбосо театрда фанаттар эле калдык. Мамлекетибиз оңолуп, өсүп, чыгармачыл адамдарга, маданиятка көңүл бурулса деген гана ниет. Ал эми өзүмдүн жашоомду театрсыз элестете албайм...


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!