Ырчы Гүлбү Ороскул кызы бүгүн 43 жашка чыкмак

Ырчы Гүлбү Ороскул кызы бүгүн 43 жашка чыкмак
1-Ноя. 2019, Жума, 15:05

Белгилүү эстрада жана фольклор ырчысы, "Сармерден" көрсөтүүсүнүн алып баруучусу Гүлбү Ороскул кызы 2017-жылы 6-октябрда 40 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан. Бүгүн анын туулган күнүндө үй-бүлөсү, жакындары, достору эскеришип, куран окутулушту. Бул тууралуу маданияттын мыкты кызматкери, ырчы Нуриса Абазова билдирди.

“Бүгүн биздин курбубуз Гүлбү Ороскул кызынын туулган күнү. Көзү тирүү болгондо 43 жашка чыкмак. Күйөө балабыз Мирзат, кыздары Айзуура, Сезимдер Гүлбүнүн туулган күнүндө куран окутушту. Мирзатыбыз өз колу менен Гүлбүнүн эстелигин жасады. Гүлбүнүн арбагы ыраазы болсун. Студент кезден кошуна жашаган Гүлбү менен Эльмира бүгүнкү күндө бир жайда түбөлүктүү кошуналар болуп калышты. Жаткан жериңер жайлуу болсун. Биз унутпайбыз силерди”,-деп билдирди Нуриса Абазова.

Гүлбү Ороскул кызы угармандарга "Ортомчу бизге көл кечи", "Балама", "Арзуу", "Мажүрүм тал", "Менин өмүр жазым", "Агылам сага" жана башка ырларды ийине жеткире аткарганы менен таанымал болгон. Чыгармачылыгы менен катар Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын "Сармерден" көрсөтүүсүнүн алып баруучусу катары дагы белгилүү эле.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Саймаитин өлүмү: төртүнчү шектүү кармалды (видео)
Саймаитин өлүмү: төртүнчү шектүү кармалды (видео)
“Кыз бурак” тобунун концерти 1-декабрда Ошто улантылат
“Кыз бурак” тобунун концерти 1-декабрда Ошто улантылат
Анжелика Кайратова: Көз тийди окшойт
Анжелика Кайратова: Көз тийди окшойт
Айзада Жамгырчиевага гүл жөнөтүп жаткан сырдуу жигит ким?
Айзада Жамгырчиевага гүл жөнөтүп жаткан сырдуу жигит ким?
Япониянын императору Күн теңири менен тамактанды
Япониянын императору Күн теңири менен тамактанды
​Футбол учурда ок жаңырды (видео)
​Футбол учурда ок жаңырды (видео)
Кыргызстанда жыл башынан бери канча кен казылды?
Кыргызстанда жыл башынан бери канча кен казылды?
NASA: Космосто көпкө жүргөндөрдүн каны айланбай калат
NASA: Космосто көпкө жүргөндөрдүн каны айланбай калат
Райондордогу жолду оңдоо иштерине 600 млн сом коротулду
Райондордогу жолду оңдоо иштерине 600 млн сом коротулду
​Криштиану Роналду күйөрмандын телефонун жулуп алды (видео)
​Криштиану Роналду күйөрмандын телефонун жулуп алды (видео)
Өлкө боюнча көмүрдүн баасы кымбаттады (таблица)
Өлкө боюнча көмүрдүн баасы кымбаттады (таблица)
Уран сактоочу жайлардын реабилитациясына грант бөлүнөт
Уран сактоочу жайлардын реабилитациясына грант бөлүнөт
Нурмагомедов Африкада  таймаш өткөрүүнү айтты
Нурмагомедов Африкада таймаш өткөрүүнү айтты
“Джерүй” 2020-жылдын март айынан баштап алтын чыгара баштайт
“Джерүй” 2020-жылдын март айынан баштап алтын чыгара баштайт
Путин Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады
Путин Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады
Климат боюнча сунуштар кабыл алынбаган парламентти суу каптады
Климат боюнча сунуштар кабыл алынбаган парламентти суу каптады