Жеңишбек Жумакадыр: Миң жолу суранса да макул элем

Жеңишбек Жумакадыр: Миң жолу суранса да макул элем
11-Дек. 2019, Шаршемби, 16:49

Төкмө акын Жеңишбек Жумакадыр таамай жазылган сөздөрү, ырлары менен окурмандарды ойго салган пикирлерин социалдык баракчасына дайыма бөлүшүп келет. Бул ирет өзүнүн атасын эскерип пост бөлүшүп, окурмандарды ата-энени сыйлоого чакырды.

“Атам менен сүйлөшкөндөгү сөздөрүмдү эстесем жыйырма сөзгө жетпесе керек. Ар дайым урматтадым. Чогуу бара жатканда алдына өтпөй бир аз арткараак басып алчумун. Көлөкөсү оң тарапка түшсө сол тарабына өтүп, сол тарабына түшсө оң тарабына өтүп, көлөкөсүн баскандан да уялчумун. Атам каардуу эле. Бирок каарданганынан да мээримдүүлүгү байкалып турчу. Мага көп окуя айтып түшүндүрөр эле. Ар бир окуясы жүрөгүмө уюп түбөлүк сакталып кала берди. Бир жолу чакырды да, балам кайракты алып келчи деди. Чөнтөгүндөгү кичинекей бүктөлмө бычагын курчутат го деген ой менен алып келип бердим. Кайракты бир аз колуна алып карап туруп, кайра алпарып коюшумду суранды. Мен кайра алпарып койдум. Атам кайра алып келүүмдү айтты. Алып келдим. Кайра алып бар деди. Бул ондон ашык жолу кайталанды. Акыркы жолу кайракты алпарып келсем кучактады да башым сылап, сенин балдарың сенден дагы артык болсун деп дуба кылды. Атама жакканым өзүмдөн эмес, өзүнүн берген тарбиясынын жемиши экенин сезди болду бекен. Атамдын көзү өттү. Абдан сагындым. Жытын сагындым. Кучактап мага кылган дуба-тилектерин сагындым. Кана эми азыр атам келип миң жолу кайракты алып келүүмдү суранса да макул элем”,-деп жазды акын.

Эскерте кетсек, Жеңишбек Жумкадыр Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти, 1977-жылы Нарын областында туулган. Учурдагы төкмө акындардын көч башында келе жаткан таланттуу инсан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Аймактарды өнүктүрүүгө салым кошуп жаткан ишканалар сыйланды
Аймактарды өнүктүрүүгө салым кошуп жаткан ишканалар сыйланды
Биринчи мугалим Дүйшөндүн кызы “​Эмгек сиӊирген мугалим
Биринчи мугалим Дүйшөндүн кызы “​Эмгек сиӊирген мугалим"​ наамына татыктуу болду
​Джиу-джитсу мелдешинде катуу мушташ чыкты (видео)
​Джиу-джитсу мелдешинде катуу мушташ чыкты (видео)
Баланын ай сайын өнүгүүсү кандай болуш керек?
Баланын ай сайын өнүгүүсү кандай болуш керек?
Кыргыз айым – режиссерлорунун IV Кинофоруму старт алды
Кыргыз айым – режиссерлорунун IV Кинофоруму старт алды
Миң доллар акча опузалаган милициянын мурдагы кызматкери кармалды (видео)
Миң доллар акча опузалаган милициянын мурдагы кызматкери кармалды (видео)
​Хабибдин атасы Конордун реваншы үчүн 100 миллион доллар сурады
​Хабибдин атасы Конордун реваншы үчүн 100 миллион доллар сурады
Көп кабаттуу үйдүн жашоочусу дүкөндүн чатырына кулап түштү
Көп кабаттуу үйдүн жашоочусу дүкөндүн чатырына кулап түштү
Жол кырсыгынан 2 киши набыт болуп, 7 адам жабыр тартты
Жол кырсыгынан 2 киши набыт болуп, 7 адам жабыр тартты
Кытайда титиреген жер титирөө Кыргызстанда сезилди
Кытайда титиреген жер титирөө Кыргызстанда сезилди
Бишкек - Нарын-Торугарт унаа жолундагы кырсыктан бир адам көз жумду
Бишкек - Нарын-Торугарт унаа жолундагы кырсыктан бир адам көз жумду
“Граф” салаты
“Граф” салаты
Манасчы Сапарбек Касмамбетов көз жумду
Манасчы Сапарбек Касмамбетов көз жумду
Жээнбеков кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырат
Жээнбеков кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырат
​40 секундда нокаут: Конордун жеңиш видеосу
​40 секундда нокаут: Конордун жеңиш видеосу
20-январь: тоолуу райондордо кар жаайт
20-январь: тоолуу райондордо кар жаайт