"Мажор" тобу: "Биздин максатыбыз маанилүү ырларды жаратып, аткаруу"

11-Янв. 2020, Ишемби, 06:26

Учурда кыргыз эстрадасына жаңыдан кадам таштап, чыгармачылык чөйрөгө аралашып, маданият жана искусство тармагына, чоң салымыбызды кошобуз деп жаткан таланттуу ырчылар көбөйүүдө. Мына ушундай максаттары жана жакшы ой тилектери менен чоң сахнага кадам таштаган, үч жигиттен турган “Мажор” тобу “ZAMAN.KG” маалымат агенттигине чыгармачылыкка болгон кадамдары тууралуу маек куруп беришти.

-Алгач өзүңөр тууралуу айтып берсеңер?

-Менин аты-жөнүм Атабаев Рахматали 1996-жылы Ош областынын Кара-Кулжа районунун Сары-Булак айылында туулуп өскөм. Ушул жерде балалыгым өткөн. Орто мектепти аяктагандан кийин, шаарга келип Бүбүсара Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетине тапшыргам. “Хор жана оркестр дирижерлугу” факультетинин учитель музыки бөлүмүнө тапшырып, окуумду ийгиликтүү аяктадым. Ал төрт жылдык окуу болгондуктан окууну кайра улантууну чечип, оркестр бөлүмүнө тапшыргам, учурда 4-курста окуйм.

-Мен Мамбетаев Нурбай Жалал-Абад областынын Токтогул районунун Үч-Терек айылында төрөлгөм. Бала чагымда эле ырчы болом деп кыялданып жүрчүмүн. Кийин убакыт өтүп ойлорум өзгөрүлдү. Ырчы болбойм актёр болом деп Б.Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетинин “Театр жана Кино” факультетине тапшыргам. Окууну ийгиликтүү аяктап бүтүрдүм. Кичинекей кезимдеги ырчы болом деген кыялдарым дагы деле жан дүйнөмдө жашап келген. Ырчылыкты жана актёрлук кесибимди бирге алып кетейин деп “Мажор” тобунда солист болуп эмгектенип жатам.

-Мен Чакенов Тилек 1995-жылы Ысык-Көл областынын Түп районуна караштуу Кеңсуу айылында төрөлгөм. Балалыгым ушул жерде өткөн. Б.Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетинин “Хор жана оркестр дирижерлугу” факультетинин учитель музыки бөлүмүн аяктагам. Рахматали экөөбүз группалаш болобуз.

-Үчөөңөр тең бир окуу жайды бүтүрүпсүңөр, силерди окуу жай бириктирдиби?

-Тилек: Ооба бизди окуу жай, чыгармачылык жана достук бириктирди. Беш жыл бирге окуп, чыгармачылыкка бирге аттанууну чечтик. Топ аркылуу бири-бирибизди колдоп, маданият жана искусство чөйрөсүнө, кыргыз эстрадасына чоң салымыбызды кошолу деп топ түзгөнбүз.

-Топту түзүү идеясы кимге таандык жана түзүлгөнүнө канча убакыт болду?

-Рахматали: Алгач топту түзүү идеясы мага келген. Топ түзүүнү көптөн бери ойлонуп жүргөм. Анан Нурбайга кайрылып айтып калдым. Нурбай колдоп кандай кылсак болот деп көп идеяларды талкуулап атып, топту түзгөнбүз. 2019-жылы түзүлдү. Бир жылга жете элек.

-Тобуңардын аты өзгөчө экен “Мажор” деп ким койду жана эмнени түшүндүрөт?

-Нурбай: Топтун атын “Мажор” деп биргелешип чечип койгонбуз. “Мажор” деген музыка тилинде “Шаңдуу” дегенди түшүндүрөт. Музыкалык тилге таянып койгонбуз.

-Чыгармачылыктагы акыркы жаңылыктарыңар тууралуу айтып берсеңер?

-Тилек: Акыркы жаңылыгыбыз жакында эле жаңы ыр жаздырып бүттүк. Буга чейин “Ак чөлмөк”, “Балмуздак” деген чыгармаларды аткарып “Ак чөлмөк” ырына клип тартырганбыз.

-Нурбай: Жаңы жаздырган ырыбыз “Жубайыма” деп аталат. Сөзү, обону Рахматали мырзага таандык. Буйурса бул ырыбызга жакын арада клип тартып анан элдин назарына сунуштайлы деп жатабыз.

-Чыгармачыл инсандардын көбү акындык өнөргө ээ болушат, обон чыгарышат. Силерди дагы байкасам ушундай таланттарга ээ экенсиңер. Үчөөңөр тең ыр жазып, обон чыгарасыңарбы?

-Рахматали: Мен жалгыз отуруп калганда ыр жазып койом. Ыр жазам обон дагы чыгарам. Жазган ырларымды балдарга окутуп, угузуп калам. Акыркы жаңы жаздырган “Жубайыма” деген ыр мурун эле жазылып, калемимде катылып турган. Балдар менен ыр тандап отуруп ушул ырга токтолуп, жаздырууну чечтик. Буйурса жакын арада уга аласыздар.

-Тилек: Мен дагы акындык өнөргө кызыгам. Ыр жазам кээде обон чыгарып калам.

-Нурбай: Менин негизги кесибим актёр болгондуктан мен ыр жазып, обон чыгаруудан алысыраакмын. Ырдаганга жана берилген ролдорду жеткиликтүү аткарып ойноого аракет кылам.

-Продюсер менен иштешесиңерби? Чыгармачылыкта ким колдоо көрсөтөт?

-Рахматали: Продюсер менен иштешпейбиз. Азыр өзүбүз аракет кылып жаткан учурубуз.

-Тилек: Негизи менеджер менен иштешебиз деген ойлорубуз бар. Ал эми азыркы тапта чыгармачылыкка колдоо көрсөтүп аткандар бул биздин ата-энелерибиз, туугандарыбыз жана жакын адамдарыбыз дайыма колдоо көрсөтүп турушат.

-Үй-бүлөңөр тууралуу айтып берсеңер?

-Рахматали: Үй-бүлөдө мен он бир тууганмын. Мен ортончусумун. Атам музыкант ырдап калат. Учурда мектепте иштейт. Колуна кандай аспап албасын кол ойнотот. Музыкага кызыгуум атамдан өткөн десем болот. Атам аркылуу комуз, аккордион чертип ойногонду үйрөндүм. Атамдын таасири аркылуу маданият чөйрөсүнө аралашып калдым.

-Нурбай: Мен үй-бүлөдө эки бир тууганмын. Ата-энем чыгармачылыктан алыс адамдар. Мени коңшу колоңдор, туугандар, досторум айтып калышат сен ушул чөйрөгө кантип келип калгансың деп. Ата-энем айтып калат талант чоң атаңдан өтсө керек деп. Чоң атам кыраан адам болгон экен. Ал эми атам болсо кээ бир учурда жамактап сүйлөп калат. Негизи өзүм бала чагымдан бери эле актёр, ырчы болом деп аракет кылып келгем. Ошол аракетимди улантып жаткан кезим.

-Тилек: Мен дагы үй-бүлөдө эки биртууганмын карындашым бар. Ата-энем чыгармачылыкка жакын адамдар. Ал эми чоң атам сөзмөөр акын адам болгон. Менин дагы чыгармачылыкка кызыгуум чоң атамдан өткөн десем болот.

-2020-жылга койгон максаттарыңар тууралуу айтып берсеңер?

-Тилек: Чыгармачылыкка жаңы аттанып баштаганга байланыштуу алдыбызга чоң максаттарды коюп 2020-жылга аттандык. Биздин негизги максатыбыз кыргыз эстрадасына чон салым кошуу. Кыргыз элибизге маанилүү жана сапаттуу чыгармаларды жаратып тартуулоо болуп саналат.

-Рахматали: Ааламга жол айылдан башталат эмеспи. Буйурс өзүбүздүн туулуп өскөн жерлерибизге тушоо кесүү концертин коюп, элибизден бата алалы деген максаттарыбыз бар. Жаңы жылга жаңы чоң кадамдарды таштадык. Буйурса ошол койгон максаттарыбызга талыкпаган эмгек, аракет менен жетебиз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Чачты өстүрүүчү маскалар
Чачты өстүрүүчү маскалар
2020-жылы 300 миң акылдуу эсептегич орнотулат
2020-жылы 300 миң акылдуу эсептегич орнотулат
Улуттук энергохолдинг Караколдо чакан ГЭС курууну пландоодо
Улуттук энергохолдинг Караколдо чакан ГЭС курууну пландоодо
2019-жылы 335 чакырым жолго асфальт төшөлдү
2019-жылы 335 чакырым жолго асфальт төшөлдү
Америка менен Россиянын брондолгон унаалары жөөлөштү
Америка менен Россиянын брондолгон унаалары жөөлөштү
 Сарыбашов Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринен кабар алды
Сарыбашов Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринен кабар алды
Космосбек Чолпонбаев:
Космосбек Чолпонбаев: "Коронавирустан чочулоонун кажети жок"
“Zaman” гезитинин журналисттери Виргиния штатынын парламентинде алкоого татыды (видео)
“Zaman” гезитинин журналисттери Виргиния штатынын парламентинде алкоого татыды (видео)
22-февраль: абанын температурасы +17 градус болот
22-февраль: абанын температурасы +17 градус болот
​Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатында жеңилди
​Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатында жеңилди
Өлкөдө ​5 миңден ашык бала бөлөк адамдардын колунда тарбияланууда
Өлкөдө ​5 миңден ашык бала бөлөк адамдардын колунда тарбияланууда
Үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу боюнча иш чаралардын планы бекитилди
Үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу боюнча иш чаралардын планы бекитилди
Бишкекте велосипеддерди уурдоого шектелип 34 жаштагы жигит кармалды
Бишкекте велосипеддерди уурдоого шектелип 34 жаштагы жигит кармалды
​Бокс боюнча жылдын  мыкты нокауту аталды (видео)
​Бокс боюнча жылдын мыкты нокауту аталды (видео)
“А-НА” клибин YOUTUBE каналында миллион көрүүчү көрдү (видео)
“А-НА” клибин YOUTUBE каналында миллион көрүүчү көрдү (видео)
Министр: Байлар колунда жокторго үйлөнсүн
Министр: Байлар колунда жокторго үйлөнсүн