Назира Айтбекова: Апам түгөй күтүп, бактылуу болуусу абзел!

Назира Айтбекова: Апам түгөй күтүп, бактылуу болуусу абзел!
24-Янв. 2020, Жума, 13:10

Белгилүү блогер Назира Айтбекова апасынын туулган күнү менен куттуктап, анын чыныгы бакытын табышына тилектеш экенин, Кудайдан ата тилеп жүргөнүн айтты.

“Бүгүн апамдын туулган күнү! Менин жалгыз эле апам бар. Апамдын жалгыз эле кызы мен. Биз бири биризге тирек, жөлөк, караан болдук. Апамдын жалгыз башына арабаны сүйрөп жүргөнүн көрүп өстүм. Ар кандай күндөрүбүз болду. Өйдөсү болду, ылдыйы болду. Тиштенип, тырбалаңдап, аракет кылып, бүгүнкү күнгө жеттик. Апам мага адалдыкты, эмгекти үйрөттү. Бала бактылуу болуш үчүн энеси бактылуу болуш керек экен. Болбосо, миң бактылуу болгон күнү да оюңдун баары апаңда болот. Ал кайгырса, сен кубана албайсың. Ошон үчүн баламды бактылуу кылыш үчүн мен бактылуу болууга тийишмин. Кудайдан жатып туруп, ата тилегениме көп болду! Ушул апам сүйүүгө мас болуп, бакытка тунуп турганын көрсөм, арманым жок өтөөр элем. Бала сындуу дүйнөсү аруу, комузда кол ойноткон, чачы жер чийип турган сулуу апам бакыттын туу чокусуна татыктуу! Мен миң жакшылык кылып, көзүнүн агы менен айланып турсам деле өзүнүн жеке бактысына тунуп турганга жетпейт өңдүү. Биз уядан учтук. Апам түгөй күтүп, бактылуу болуусу абзел! Туулган күнүңүз менен, апа! Мен ар бир бийиктигим, ийгилигим сиз үчүн!”,-деп пост бөлүштү блогер.

Күйөрмандары аталган постко 400дөн ашык куттуктоо жазышып, жакшы каалоо-тилектерин арнашууда.

Эскерте кетсек, Эскерте кетсек, Назира Айтбекова белгилүү алып баруучу гана эмес, «Стоп Трафик», «Быйыл сөзсүз күйөөгө тийем»,«Көк-Салкын» фильмдеринде жана бир катар долбоорлордо, сериалдарда аткарган ролдору менен элге таанымал актриса.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Абылгазиев: Бишкектеги экологиялык кырдаал заманбап тренддерди киргизүүнү талап кылат
Абылгазиев: Бишкектеги экологиялык кырдаал заманбап тренддерди киргизүүнү талап кылат
Ошто шайлоо өткөрүү боюнча штабдын отуруму өттү
Ошто шайлоо өткөрүү боюнча штабдын отуруму өттү
«Аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» II форумуна даярдык көрүлүүдө
«Аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» II форумуна даярдык көрүлүүдө
Коронавирустан сактануунун 10 жолу
Коронавирустан сактануунун 10 жолу
​Бишкекте “Баластан кубогу” таймашынын финалы өтөт
​Бишкекте “Баластан кубогу” таймашынын финалы өтөт
Химиялык заттарды колдонууну азайтуу чаралары көрүлөт
Химиялык заттарды колдонууну азайтуу чаралары көрүлөт
Карындагы майды кетирүүчү алты көнүгүү
Карындагы майды кетирүүчү алты көнүгүү
26-февраль: абанын температурасы +20 градус болот
26-февраль: абанын температурасы +20 градус болот
Абылгазиев Бишкектеги Калкты тейлөө борбору – 2ге күтүүсүз барды
Абылгазиев Бишкектеги Калкты тейлөө борбору – 2ге күтүүсүз барды
Бишкекте “Баластан кубогу” таймашынын финалы өтөт
Бишкекте “Баластан кубогу” таймашынын финалы өтөт
УКМК:
УКМК: "Террористтик акт болот" деп коркуткан Чүйдүн 18 жаштагы тургуну кармалды
Мрамор, пластика же дарактан жасалган аш тактасы пайдалуубу?
Мрамор, пластика же дарактан жасалган аш тактасы пайдалуубу?
Улуттук банк эсептик ченди 0,75 пайыздык пунктка жогорулатты
Улуттук банк эсептик ченди 0,75 пайыздык пунктка жогорулатты
Ырчы Неля “Тасмал” деп аталган рецептердин баракчасын ачты
Ырчы Неля “Тасмал” деп аталган рецептердин баракчасын ачты
Шахрезада Аскарова “Көктөм ырына” чакырат
Шахрезада Аскарова “Көктөм ырына” чакырат
Нурлан Насип Россияда концерттик тур менен жүрөт
Нурлан Насип Россияда концерттик тур менен жүрөт