Ырчы Каныкей Алымбекова Улуу Британиянын ханзадасы Гарри менен анын жубайы Меган Марклдын өз каалоолору менен карапайым адам болуу чечимин кабыл алышкандыгын колдойт. Бул тууралуу пикирин ырчы өзүнүн социалдык баракчасына бөлүштү.

“Оюмча Меган менен Гарри чоң резонанс жаратты. Негизи биз кичинекей кезибизден эле жомокко ишенген жандарбыз. Ошондуктан ар бир нерсе жомоктогудай, алтын аяктан суу ичкендей аяктаса дейбиз. Бирок жашоо биз ойлогондой эмес. Меган деле -«Хан сарайга жеттим, эми кылым карытып «золушкага» окшоп отура берейин» -деп даярдын даамын сызып олтуруп алса деле жарашмак. Бирок хандыктын ошого жараша тузагы бар экенин эч ким биле бербесе керек. Кылымдан кылым карыткан алтын сарайдын ооматын көтөрө билүү да чоң түйшүктү талап кылат, бул чындык. Меган менен Гарри тескеринче “ал-күчүбүз бар кезде өзүбүздүн жашообузду өз алдынча курабыз, үстөмдүк үстүндө бактылуу болбой эле койдук”,-деп басып кетишти. Бул деген чоң бурулуштан мурда эбегейсиз эрктүүлүк, эстүүлүк. Жомок артынан жомок болуп кеткидей жомокто жашап аткан эместигибизди эсиме дагы бир жолу салган замандашым ханзаада менин сыймыгымды гана арттырды! Биздин заман-ар бирибиздин өз мүмкүнчүлүктөрүбүз укмуштай кенен экендигин далилдеген заман. Ар бир адам өз ырыскысы, тандоосу бар экенин унутпоо керек. Мүмкүнчүлүктөр чексиз! Бир ганa изденишибиз керек экен. Турмуштагы эн чоң байлык бул эркиндик! Эркин жашоо үчүн канчалаган байыркы эл кан төгүп зарланган. Ал эми азыркы заманда эркин болуу үчүн бир гана чечкиндүүлүк жана талыкпаган эмгек керек!”,-деп пикирин бөлүштү ырчы.

Эскерте кетсек, ханзаада Гарри менен жубайы Меган Маркл падышалык үй-бүлөнүн мүчөсү макамынан баш тартууну чечишкен. Алар каражат жагынан падышалык үй-бүлөгө көз каранды болбоо үчүн жумушка орношуу ниеттери бар экенин, ошол эле маалда ханышанын алдындагы милдеттерин аткара беришерин билдиришкен. Мындан тышкары жубайлар жаңы кайрымдуулук уюм түзө тургандыктарын айтышкан.