Таукел Муслим мамилесин ачыкка чыгарды

Таукел Муслим мамилесин ачыкка чыгарды
13-Фев. 2018, Шейшемби, 17:52

Көпчүлүк кыздардын жүрөгүнө чок салган казакстандык белгилүү актер Таукел Муслим ырчы Жанар Дугалова менен болгон мамилесин НТК телеканалынын “Ревю” көрсөтүүсүндө билдирди.

“Башта Жанар тууралуу эч кимге айткан жокпуз. Эл кызыксын деп, Жанар экөөбүз кезигип жатабыз деген максатта гана видеого тартканбыз. Кийин эл сурай баштады. Экөө үйлөнүп алды дегенге чейин барышты”,-деди Муслим.

Ал эми ырчы Жанар Дугалова болсо видео тарагандан баштап анын тынчын алган кыздардын катары өскөнүн айтты. Алардын ортосунда эч кандай сүйүү мамилеси жокэкенин кошумчалады.

Эскерте кетсек, буга чейин чейин экөөнүн кыз жигит жана той көйнөгүн кийген кыздын образында түшкөн сүрөттөрү, видео тарап кеткен. Бирок бул боюнча актер менен ырчы эч кандай билдирүү жасашкан эмес.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!