Биткоин тууралуу жалган кабар ачыкка чыкты

Биткоин тууралуу жалган кабар ачыкка чыкты
1-Март 2018, Бейшемби, 11:23

Бир ай мурда рэпер 50 Cent элдин көңүлүн өзүнө бурдуруу үчүн биткоин виртуалдык эсебинен 7,5 миллион доллар пайда болгонун айтып чыккан. “TMZ” порталынын инсайдерлеринин билдирүүсү боюнча, 2014-жылы Кертис Джеймс Джексон “50 Cent” лакап аты менен белгилүү рэп ырчысы өзүнүн “Animal Ambition” альбомун чыгарып, аны жалаң гана акча менен гана эмес, биткоин менен да төлөөгө макул болгонун билдирген.

Баардык ММКда жаңы пайда болгон «биткоин миллионери» тууралуу жаза башташкан. Музыканттын күйөрмандары бул жаңылыкка кубанышып турганда мунун баары жалган болуп чыкты. “People” журналынын ээлигинде болгон документке ылайык рэпер эч качан битокин ээ болбогону аныкталды.

Ал эми бул маалыматка рэпер 50 Cent – “Бир аз калп айтып койдум. Бул болгону жакшы пиар-кадамдардын бири болду!”,-деп айтып кутулган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!