​Ясмин Лунианга “Мисс Азия MIX” наамын алды

​Ясмин Лунианга “Мисс Азия MIX” наамын алды
1-Март 2018, Бейшемби, 17:36

Кыргызстандык сулуу Ясмин Лунианга “Мисс Азия MIX” интернет-титулунун ээси аталды. Бул тууралуу конкурстун уюштуруучулары билдирди.

Маалыматка караганда, "Мисс Азия MIX" эл аралык сулуулар сынагы 2 айдан бери asiamix.fun сайты аркылуу онлайн-добуш берүү акрылуу өтүп келет. Ага ар кайсыл өлкөдөн 15ге жакын бийкеч катышкан. Сынак бир нече баскычта өткөрүлгөн. Финалдык турга Якутия, Бурятия, Татарстан, Башкортостан, Өзбекистан, Тажикистан, Казахстан жана Кыргызстан өтүп, жыйынтыгында кыргызстандык сулуу Ясмин Лунианга жеңүүчү аталды.

Ясмин сынакта колдоо көрсөткөндүгү үчүн соцтармактагы колдонуучуларына ыраазычылыгын билдирди.

Эскке сала кетсек, "Азия MIX" эл аралык онлай-долбоор. Ага бир катар өлкөдөн ырчылар, бийчилер, вайнерлер катыша алышат. Эки ай ичинде онлайн добуш берүү аркылуу жеңүүчү аныкталып, ага 2 миң АКШ доллары берилет.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!