​Нурзада Жолдошева турмушка чыгат

​Нурзада Жолдошева турмушка чыгат
1-Март 2018, Бейшемби, 17:49

“Кыргызстан обондору” радиосунун булбул үндүү ди-джейи, ырчы жана алып баруучу Нурзада Жолдошева жакынкы күндө турмушка чыга турганын Zaman.kgге билдирди.

Алып баруучунун айтымында, кыз узатуу тою Бишкектеги тойканалардын биринде болмокчу.

«Жигитимдин аты Азат. Ысык-Көлдүн кулуну болот. Буга чейин жигит тандаганга убактым болбой жумуш менен жүргөн болсом, Азаттын дагы убактысы окуу, жумуш менен өтүптүр. Экөөбүз бирге түтүн булатууну чечишкен соң, ата-энелерибиз таанышып, тойду белгиледик. Буйруса 4-мартта борбордогу тойканалардын биринде «кыз узатуу» болот, ал эми заманбап үлпөт той түгөйүмдүн ата-журту Караколдо болмокчу",-деди Нурзада Жолдошева.

Учурда ди-джей тойго кызуу даярдык көрүп жатканын кошумчалады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!