Аманкулов театрга жетекчи болуп дайындалды

Аманкулов театрга жетекчи болуп дайындалды
2-Март 2018, Жума, 16:14

Бишкек шаарындагы Бакен Кыдыкева атындагы кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын жаңы жетекчиси дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Үстүбүздөгү жылдын 2-мартынан тарта, аталган театрды Жолдошбек Аманкулов башкарат. Жаңы дайындалган жетекчини Маданият министри Султан Жумагулов жамаат алдында тааныштырып, официалдуу түрдө буйрукту окуп берди.

Министр, театрды өнүктүрүүгө чоң салым кошо турган жаш, прогрессивдүү директордон жаңы идеяларды ишке ашыруусун күтөөрүн айтты.

Жолдошбек Аманкулов эмгек келишимдин негизинде дайындалды. Эгерде бир жылдын ичинде өзүн мыкты көрсөтүп, ийгиликтерди багынтып иштеп кетсе, келишим кийинки жылга узарат. Эске сала кетсек мурун театр директорлору эмгек келишим менен иштеген эмес.

Жолдошбек Аманкулов:

Чүй облусунун Кемин районунда Тегирменти айылында туулган. Ал Москва шаарында М.С Щепкин атындагы жогорку театрлардык институтунда билим алган. Учурда Россия Федерациясынын президенти алдындагы башкаруу академиясында да билим алып жатат. “Учур” театрынын көркөм жетекчиси, Кыргыз-Түрк “Манас” жогорку окуужайынында көркөм өнөр факультетинде ага окутуучу болгон.

Мурда Кыргызстандын жана чет элдик белгилүү тасмаларында роль жараткан. Тасма, мультфильмдердин үнүн коштогон.

Бир канча Ч.Айтматов жана М.Рыскулов эл аралык сыйлыктардын ээси.

Үй-бүлөлүү, эки уул, бир кызы бар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!