Бред Питт жана Ди Каприо бирге фильге тартылышат

Бред Питт жана Ди Каприо бирге фильге тартылышат
2-Март 2018, Жума, 16:26

Актерлор Брэд Питт жана Леонардо Ди Каприо Квентин Тарантинонун жаңы фильминде тартылышат. Бул тууралуу “The Hollywood Reporter” басылмасына шилтеме берип “korrespondent.net” сайты билдирет.

Режиссер беш жыл бою сценарийдин үстүндө иштегенин эскертип өттү. Брэд Питт фильмде Дальтондун дублеру актер Клифф Бутун ролун аткарат. Ал эми Ди Каприого телесериал-вестерн аркылуу белгилүү болгон Рик Дальтон ролуна ээ болду.

Квентин Тарантинонун айтуусу боюнча, фильм 1969-жылы «голливуддук хиппилердин учурун» ачып берет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!