​Поветкин Прайсты нокаут менен жеңди

​Поветкин Прайсты нокаут менен жеңди
2-Апр. 2018, Дүйшөмбү, 11:40

Орусиялык мушкер Александр Поветкин каршылашы, эки метрлик британиялык боксчу Дэвид Прайсты нокаут менен жеңди. Бул жеңиши менен Александр Поветкин оор салмактагыWBA Inter-Continental жана WBO International чемпиондук наамдарын сактап калды.

Таймаш курорттук Кардифф шаарында өтүп, бешинчи айланпа менен аяктады. Поветкин бардык мушташта артыкчылык көргөзгөн. Үчүнчү айланпада кезек-кезеги менен нокдаун жыгышкан. Ал эми бешинчи айланпада орусиялык мушкер 203 метрдик боксчуну нокаут менен жеңген.

38 жаштагы Поветкин спорттук карьерасында 34 жеңишке ээ болду (24-нокаут). Ал болгону украиналык мушкер Владимир Кличкодон жеңилген. Ал эми британдык боксчу Дэвид Прайс 24 жеңишке жетишкен(18-нокаут). Бул анын бешинчи жеңилиши болуп саналат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!