​UFC чемпиону спорттон кетээрин айтты

​UFC чемпиону спорттон кетээрин айтты
5-Апр. 2018, Бейшемби, 14:17

Жарым салмак боюнча UFC учурдагы чемпиону, америкалык мушкер Даниэль Кормье спорттон кетээрин билдирди. Бул тууралуу «Спорт-Экспресс» сайты кабарлады. Маалыматка ылайык атактуу мушкер быйыл 40 жашына келгенде спорттон кетээрин ачыктады.

Даниэль Кормье “Мен спорттук карьерамдын акырында кандайдыр бир негизсиз жеңилүүлөргө чыдагым келбейт. Кээде мушкерлер бир кезде эч мүмкүнчүлүк бербеген спортчуларга жеңилип калышы деле күтүлөт. Мен болгону өзүнүн күчтүүлгүн гана текшериш үчүн ринге чыккан мушкер болгум келбейт” деди

Мындан тышкары атактуу мушкер өзүнүн деңгээлинде мушкер менен ринге чыга тургандыгын айтты. Спорттук карьеримди жыйынтыктап жатып дагы бир жолу өзүмдү көргөзүм келет деп кошумчалады.

Спорттон кеткенден кийин эмне кыласыз деген соболго мушкер “ Балким гольф ойнойм мындан тышкары менин спорттук баяндамачы болуп телеберүүлөрдү алып барууга абдан кызыгам. Шыгым да бар десем болот. Былтыркы жылы ТВданжакшы киреше таптым” деп билдирди.

Эсиңиздерге сала кетели 7-июлда Даниэль Кормье оор салмак боюнча чемпиондук тутул үчүн Стип Миочич менен ринге чыгат. Мушкер учурда жарым салмак боюнча UFC чемпиону. АКШнын эркин күрөш боюнча курам командасынын имурдагы мүчөсү. 2004-2008 Олимпиадалык оюндардын катышуучусу.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!