​Роналду: “Чемпион болгонуңа кубанычтамын”

​Роналду: “Чемпион болгонуңа кубанычтамын”
10-Апр. 2018, Шейшемби, 14:49

Орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов UFC 223 турниринде жеңил салмактагылар арасында чемпион болду. Атактуу мушкерди алдыңкылардан болуп,«Реа́л Мадри́д» клубунун чабуулчусу, португалиялык футболчу Криштиану Роналду да кызуу куттуктаганын Хабиб Нурмагомедов өзүнүн Instagram баракчасына бөлүштү.

Хабиб “Криштиану менен мушташтан мурун жана андан кийин да сүйлөштүм. Адегенде менин атаандаштарымдын улам-улам алмашкандыгын сурады. Андан кийин “ Мен сенин чемпион болгондугуңа абдан кубанычтамын”айткандыгын билдирди.

Эсиңиздерге сала кетсекОрусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов UFC 223 турниринде жеңил салмактагылар арасындагы америкалык Эла Яквинта менен 8-апрелде ринге чыгып, чемпион болду. Хабиб Орусиянын UFС боюнча алгачкы чемпиондук титулуна татыды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!