​Хабиб Нурмагомедов UFC чемпиону болду (видео)

​Хабиб Нурмагомедов UFC чемпиону болду (видео)
9-Апр. 2018, Дүйшөмбү, 02:22

Орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов UFC 223 турниринде жеңил салмактагылар арасындагы чемпион болду. Ал америкалык Эла Яквинта менен 70 килограмм салмакта беттешип, 5 раундда тең үстөмдүк кылды. Жыйынтыгында калыстар тобу бир ооздон жеңишти орусиялык спортчуга ыйгарып, Хабиб Орусиянын UFС боюнча алгачкы чемпиондук титулуна татыды.


Эсиңиздерге сала кетсек 29 жаштагы Хабиб Нурмагомедов спорттук карьерасында 26 беттеш өткөрүп, баарында тең жеңип чыккан. Атаандашы Яквинта 13 беттеш өткөргөн, төрт жолу утулуп, бир ирет тең чыккан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!