ФИФА рейтинги:Кыргызстан алдыга жылды

ФИФА рейтинги:Кыргызстан алдыга жылды
13-Апр. 2018, Жума, 01:39

Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) улуттук курама командалардын апрелдеги жаңы рейтингин уюмдун расмий баракчасына бүгүн жарыялады. Анда Кыргызстан 40 баскычка жогорулап 75 орунга көтөрүлдү. Буга чейин Кыргызстан 99 орунда турган.

Кыргызстан курама командасы март айында Мьянма (22-март) жана Индияны (27-март) жеңип, биринчи жолу Азия чемпионатынын финалдык бөлүгүнө чыккан болчу. Мындай көрсөткүч улуттук команданын 115-орундан 75-орунга көтөрүлүүсүнө шарт түзүп, айдын мыкты командасы аталды.

Ал эми жалпы тизме биринчи орунда адаттагыдай эле Германия, экинчи Бразилия, үчүнчү орунда Португалия турат. Андан кийин Аргентина, Бельгия. Алтынчы орунда Швейцария, Франция жетинчи, Испания сегизинчи, Чили тогузунчу. Рейтингдин биринчи ондугун Польша жыйынтыктады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!