​“Спартак” үчүн уулун бычактады

​“Спартак” үчүн уулун бычактады
16-Апр. 2018, Дүйшөмбү, 12:39

Уулу “Спартак” футбол клубунун ышкыбозу болуп, кумир тутканы үчүн атасы бычактап салды. Мындай акылга сыйбаган окуя тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматка ылайык Киров облусунда болгон Орусиянын премьер-лигасынын 20 – айлампасынын алкагындагы "Спартак" жана “ЦСКА” футбол командаларынын беттешүүсү 3:0 эсебинде аяктаган. Оюнда кызыл-актар тайпасы “ЦСКА” командасын жеңип алган. Жыйынтыгында футбол көрүп жаткан 54 жаштагы “ЦСКА” ышкыбозу уулу менен тартыша кеткен. Кызуулукка алдырган атасы “Спартак” футбол клубуна жан тарткан уулун бачыктап салган.

Киров облусунун прокуратурасынын билдиргенине караганда “ЦСКА” ышкыбозу уулунун денесине жаракат келтиргендиги үчүн төрт жылга эркинен ажыраткан. Ал эми жабыркануучу дарыгерлердин ыкчам аракети менен ооруканага жеткирилип, керектүү жардамдар жасалган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!